Image default
Жаңылыктар

Чыңгыз Эсенгул уулу Россиянын театралдык искусство институту ГИТИСтин өкүлдөрү менен жолугушту

2023-жылдын 20-январында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Россиянын театралдык искусство институту ГИТИСтин өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушууга ГИТИСтин Искусство таануу илимдеринин кандидаты, доцент, продюсер жана сценарист Александра Князева, Менеджмент институтунун деканы, окутуучу Павел Скворцов, Менеджмент жана искусствону башкаруу кафедрасынын ага окутуучусу Елена Симурзина катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Чыңгыз Эсенгул уулу ГИТИСтин өкүлдөрүнө Кыргызстандын театр директорлору жана режиссёрлор үчүн акысыз окуу курсун уюштуруп, жогорку деңгээлдеги мастер-класстарды өтүп, тажрыйбаларын бөлүшүп жаткандыгы үчүн министрликтин атынан ыраазычылык билдирип, өтүлүп жаткан окуу курстары өтө керектүү жана заман талабына ылайык жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи.
Өз кезегинде, ГИТИСтин өкүлдөрү, мындай жылуу кабыл алууга, окуу курстарын өтүүгө уюштурулган шарттардын мыктылыгын белгилеп, Министрликке ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, алар Кыргызстан таланттуу инсандары менен сыймыктанса болоорун белгилешип, учурда өтүлүп жаткан окуу курстарына Кыргызстандагы театр жетекчилери активдүү катышып жаткандыгын айтып, мындай окуу курстары мындан ары да уланып, буйурса ушул жылдын жай мезгилинде уюштуруу пландалып жатканын билдиришти.
Жолугушуунун алкаганда Маданият министрлиги жана ГИТИСтин оросундагы кызматташтыкты өркүндөтүү жана тажрыйба алмашуу тууралуу сөз болду.
Эске салсак, ГИТИСтин продюсердик лабораториясы Бишкекте 17-22-январь күндөрү өтүп, ага Кыргызтандагы театр оюн-зоок мекемелеринин жетекчилери, администраторлор жана режиссёрлор билим алып жатышат.