Image default
Жанылыктар

Чынгыз Эсенгул уулу: Кыргызстандыктардын жарандык иденттүүлүгүн калыптандыруу үчүн «Кыргыз жараны» Концепциясы жүзөгө ашырылууда

Чынгыз Эсенгул уулу: Кыргызстандыктардын жарандык иденттүүлүгүн калыптандыруу үчүн «Кыргыз жараны» Концепциясы жүзөгө ашырылууда.
Кыргыз Республикасында кыргыз жараны деп өзүн таанууну калыптандыруу максатында «Кыргыз жараны» концепциясы жүзөгө ашырылууда. Көп түрдүүлүктү – иденттүүлүктү, өлкөдөгү этностордун тилин жана маданиятын сактоо, өнүктүрүү аталган документтин өзөгүн түзөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Нидерландынын Гаага шаарында «ЕККУ аймагында интеграцияны жана ар түрдүүлүктү башкаруу багытында тажрыйба алмашуу боюнча өткөн тегерек столдо билдирди.
Министрдин орун басары көп этностуу Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк жылдарында мамлекеттик этностук саясат өнүгүүнүн татаал этаптарынан өткөнүн белгилеп, 2010-жылдагы этностор аралык мамилелер чөйрөсүндөгү кризистен кийин мамлекетибиз өлкөдөгү этностор аралык процесстерди башкаруу боюнча бир топ иштерди аткарганын кошумчалады.
«Кыргыз Республикасынын элинин биримдигин жана этностор ортосундагы мамилелерди чыңдоо боюнча концепция ишке ашырылды. Бул Концепция мамлекеттин этникалык саясатынын биринчи стратегиялык документи болуп калды, ал анын негизги багытын – Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоону аныктады. 2020-жылдын 13-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы бекитилген. Бул Концепция 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо Концепциясынын логикалык уландысы болуп саналат жана улуттук, көз карандысыз эксперттердин катышуусу менен иштелип чыкты. Ал азыр жүзөгө ашырылууда».
Чыңгыз Эсенгул уулунун айтымында, Концепциянын негизги максаты – Кыргыз Республикасынын бардык этностук жамааттарынын этномаданий өзгөчөлүгүн сактоо менен бириктирүүчү жалпы жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү жана жайылтуу үчүн жагымдуу чөйрөнү өнүктүрүү болуп саналат.
Возможно, это изображение 8 человек, люди стоят и в помещении
Возможно, это изображение 11 человек и в помещении
Возможно, это изображение 7 человек, люди сидят, люди стоят и в помещении
Возможно, это изображение 9 человек, люди стоят и в помещении
Возможно, это изображение 7 человек, люди сидят, люди стоят и в помещении
Возможно, это изображение 4 человека, люди сидят и в помещении