Image default
Жаңылыктар

Чынгыз Эсенгул уулу UZINFOCOM электрондук башкаруу борборунун башкы директору Эмиль Гимранов менен жолугушту

14-декабрда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Ташкент шаарына болгон иш сапарынын алкагында UZINFOCOM электрондук башкаруу борборунун башкы директору Эмиль Гимранов менен жолугушту.
Анда Эмиль Гимранов мекеменин ишмердүүлүгү жана санарипке өтүүдөгү жасалган иштер жана мамлекеттик органдар тарабынан ишке ашуучу кызматтардагы жеңилдетилген форматтары боюнча маалымат бөлүштү.
Өз кезегинде Чыңгыз Эсенгул уулу Кыргызстанда бул жатта жасалып жаткан тажрыйба менен бөлүшүп, ар убакта заман талабына шайкеш келген иштин механизми жеңилдетилген форматта алып баруу үчүн түзүлгөн шарттар менен бөлүштү.
Ал эми, UZINFOCOM мекемеси учурда жасалып жаткан долбоорлор боюнча кенен маалымат берип, анын ичинде туризм тармагын өнүктүрүүгө багытталган долбоор менен тааныштырып, ишке ашып жаткан платформалар менен иштөөгө кызыктар экенин белгилеп, тажрыйба алмашууга ар убакта даяр экендигин билдирди.
Чынгыз Эсенгул уулу, мындай мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, UZINFOCOM борборун өз тажрыйбасы менен бөлүшүү үчүн Кыргызстанга келип кетүүсүн чакырды, мындай сунуш борбор тарабынан жылуу кабыл алынды.
UZINFOCOM электрондук башкаруу борбору маалыматтарды иштеп чыгуу борборунун техникалык оператору болуп саналат жана Президенттин виртуалдык кабылдамасынын (pm.gov.uz) Бирдиктүү интерактивдүү мамлекеттик кызматтар порталынын күнү-түнү иштөөсүн камсыз кыла турган интеграцияланган мекеме болуп саналат.