Image default
Жаңылыктар Новости

Министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Черногориянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Милорад Шчепанович

Бүгүн, 2022-жылдын 30-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Черногориянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Милорад Шчепанович менен анын
Черногориянын Кыргызстандагы элчиси болуп расмий киришүүсүнө байланыштуу жолугушту.
Министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Элчини Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык миссиясынын расмий башталышы менен куттуктап, жаңы кызматта натыйжалуу жана жемиштүү иш алып барууну каалады.
Шчепанович мырза өз кезегинде жылуу кабыл алууга ыраазычылыгын жана “Борбордук Азиянын жүрөгүндө”элчи болуп дайындалганына канагаттангандыгын белгилеп, министрлик менен ар тараптуу кызматташууга даяр экендигин билдирди.
Министрдин орун басары Элчи мырзага кайрылып, министрлик Элчинин дипмиссиясы аркылуу ишке ашырууга ниеттенип жаткан бир катар пландар бар экенин баса белгиледи.
Бул жолугушууну тараптар үчүн актуалдуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн пайдубал жана “баштоо баскычы” катары колдонуу зарыл. Долбоорлор ишке ашса, Черногориянын жашоочулары Кыргызстан жөнүндө көбүрөөк билишет, ал эми сиз кыргызстандыктардын эсинде эки мамлекет менен миллиондогон адамдардын ортосунда чыныгы тыгыз байланышты орноткон инсан катары каласыз. Анткени адамдын элчи болуп дайындалышы бекеринен эмес, сиз достуктун көпүрөсүсүз”, бул ыйык миссия, – деп баса белгиледи Чыңгыз Эсенгул уулу.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар жогоруда белгиленген Макулдашуулардын багыттарын жана долбоорлорун кароону тездетүүнү макулдашышты жана маданий-гуманитардык чөйрөдө кызматташууга карата эки тараптуу ачыктыкты белгилешти.