More

    Баткен областынын маданият паспорту

    Маданият мекемелери – 153

    Баткен облусунда жалпы 5 – маданият үйү (48 айылдык клубдары менен), 2 – райондук китепкана, 4 – балдар китепканасы, 3 – шаардык китеканасы, 71 – айылдык китепкана, 11 – балдар музыкалык мектеби, 6 – райондук, шаардык жана айылдык  музейлер, 3- эс алуу багы бар.

    Тарыхый маданий эстеликтер-38

    ——————————-

    Баткен району                                                                               

    Маданият мекемелери – 42

    Баткен районунда 1 – маданият үйү(16 айылдык клубдары менен), 22- айылдык китепкана, 1- балдар музыкалык мектеби( 2 айылдык филиалдары менен), 10- тарыхый маданий эстеликтер бар.

    Райондун аймагында республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтердин саны  -10:

    • Төрткүл көрүстөнү (Төрткүл суу сактагычынан 1,5 км чыгышта);
    • Кара-Булак көрүстөнү (Кара-Булак айылынын четинде);
    • Кара-Булак 1 көрүстөнү (Кара-Булак көрүстөнүнөн 600 м түндүк-батышта);
    • Туура-Таш көрүстөнү (Бужум айылынын түштүк четинде);
    • Кара-Бел көрүстөнү (Кара-Булак айылынан 8 км түндүк-батышта);
    • Көк-Таш көрүстөнү (Баткен айылынын түштүгүндө);
    • Аска-таш сүрөттөрү (Лимбур айылынан 6-7 км батышта);
    • Обишир I-V үӊкүр эстелиги (Сох суусунун жогорусунда);
    • Кан-и-Гут кен чыкчуу жери (Ак-Татыр айылында);
    • Кан чеби (Кыштут айылынын түштүгүндө).

    Райондон чыккан маданият жаатындагы белгилүү инсандар: (тизме толукталууда)

    1. Апаз Жайнаков – Кыргыз Республикасынын эл артисти;
    2. Саламат Садыкова – Кыргыз Республикасынын эл артисти;
    3. Тургунбай Садыков – скульптор, Кыргыз Республикасынын Баатыры;

    —————-     

    Кадамжай району                                                             

    Маданият мекемелери – 38

    Кадамжай районунда 1 – райондук маданият үйү (13 айылдык маданият клубдары менен); 1 – райондук борборлоштурулган  китепкана, 18 – айылдык китепкана, 1 – райондук балдар китепканасы (2 филиалы менен),1 –  балдар  музыкалык мектеп, 1 – музей, 7 –  тарыхый маданий эстеликтер бар.

    Райондун аймагында республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтердин саны  7:

    • Капчыгай таш куралдарынын байыркы устаканасы (Марказ айылынын түштүгүндө);
    • Хожо-Гаир көрүстөнү (Хожо-Гаир айылынын батыш тарабында);
    • Палман отурукташкан жайы (Пальман айылынын тушунда);
    • Аирбас отурукташкан жайы (Хожо-Гаир району);
    • Сел-Үӊкүр үӊкүр тургун жайы (Айдаркен поселкасынан 1 км батышта);
    • Охна таш куралдары табылган жайы (Охна айылында);
    • Аска-таш сүрөттөрү (Охна айылынын четинде).      

    Райондон чыккан маданият жаатындагы белгилүү инсандар: (тизме толукталууда)

    1. Мамажанов Жолдошбек (1952 –2010 )- Тажик Республикасынын эл артисти;
    2. Бүзейнеп Өмүрзакова (1958-2005) – аккордионист, обончу аткаруучу;
    3. Роза Шакирова – ырчы;
    4. Чыңгыз Мырзаев – ырчы;
    5. Өктөм Сапар уулу – ырчы;
    6. Ильяз Абдыразаков – эстрада ырчысы;

    ————————————      

    Лейлек району                                                                  

    Маданият мекемелери – 53

    Лейлек районунда 1 – маданият үйү (18 айылдык клубдары менен), 1 –  райондук китепкана, 26 – айылдык китепкана, 1 – балдар китепкана, 1 – балдар  искусство музыкалык мектеп (14 мугалим, 95 окучуусу менен) 1 – райондук музыкалык мектеп, 3 – музей, 1 – эс алуу багы, 15 – тарыхый маданий эстеликтер бар.

    Райондун аймагында республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтердин саны  -15:

    • Исфана чалдыбары (Исфана айылында);
    • Кожо-Чар-Коргон чалдыбары (Катта-Сай жана Кур-Сай сууларынын куймасында);
    • Көрүстөн (Катран айылынан 5-6 км алыстыкта)
    • Көрүстөн (Катран айылынын түштүк четинде);
    • Көрүстөн (Катран айылынан 2,5 км алыстыкта);
    • Көрүстөн (Кожо-Бакырган суусунун жээгинде);
    • Андархан I көрүстөнү (Андархан айылында);
    • Андархан II көрүстөнү (Андархан-1 көрүстөндөрүнүн жанында);
    • Кайрагач 8 чи пл. көрүстөнү (Кайрагач айылында);
    • Аска-таш сүрөттөр жана жазуулар (Катран айылында);
    • Андархан I тургун жайы (Кожо-Бакырган суусунун оӊ жээгинде);
    • Андархан III тургун жайы (Андархан айылынын чыгыш четинде);
    • Бешкент тургун жайы (Бешкент айылында);
    • Төрткүл тургун жайы (Андархан айылынан 1,5 км Чурбек айылынын жолунда);
    • Кожо-Гор (Чорку айылынын четинде).

    Райондон чыккан маданият жаатындагы белгилүү инсандар: (тизме толукталууда)

    1.  Каримов  Эрмек – Орто Азиягабелгилүү обончу, аткаруучу;
    2. Тургунбаев Бабаравшан – обончу, аткаруучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер;
    3. Азиреткулов Хабибилла – обончу, аткаруучу, көптөгөнырлардын автору;
    4. Токторов Бактияр – Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген артисти;
    5. Токторов Алим –  киносценарист, коомдук жана мамлекеттик ишмер И.Раззаков жөнүндө тартылган документалдуу кинотасманын режиссеру (И.Раззаковдун ролун аткарган);
    6. Каримова Самара – Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген артисти;
    7. Саттаров Өмүрзак – төкмө акын, аткаруучу;
    8. Жороева Алима – төкмө акын, уз чебер;
    9. Жороев Мурзали – обончу, аткаруучу.

    ——————————

    Баткен шаары                                                                              

    Маданият мекемелери – 2

    Баткен шаарында 1 шаардык  китепкана жана 1 кинотеатр бар.

    Шаарда тарыхый маданий эстеликтер катталган эмес.

    Шаардан чыккан маданият жаатындагы белгилүү инсандар: (тизме толукталууда)

    1.Абдрахманов Гыламидин – жазуучу, тарых иликтөөчү.

    2.Аскар Ражабали – жазуучу.

    3.Маткаимов Жапар – сүрөтчү.

    4.Козубаев Мамажан  – обончу, аткаруучу.

    5.Султанов Заирбек – обончу.

    ———————————       

    Кызыл-Кыя шаары                                                                     

    Маданият мекемелери- 10

    Кызыл-Кыя шаарында Кызыл-Кыя шаардык маданият ордосу, Ак-Булак айылдык клубу, Борборлоштурулган китепкана тармагы жана 3 филиалы, 1 балдар китепканасы, 1 балдар музыкалык мектеби, Т.Кулатов атындагы тарых музейи жана Шаардык эс алуу багы бар. 

    Тарыхый маданий эстеликтер

    • Монумент “Айкѳл Манас”
    • Эстелик В. И. Ленин
    • Обелиск гражданской войны в 1917 г .
    • Эстелик Улуу Ата Мекендик согуш 1941-1945жж.
    • Эстелик Ооган согушу жана Баткен окуясы
    • Постамент эстелик Т.Кулатова
    • Статуя “Олень”
    • Селде жабыркагандарга Эстелик 1977-ж.
    • Кызыл армиячыларга, австриялык согуш туткундарынын эстелиги
    • Австриялык (немец) согуш туткундарынын эстелиги

    Шаардан  чыккан маданият жаатындагы белгилүү инсандар: (тизме толукталууда)

    1.  Кулматова Талила Калмурзаевна – КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер

    ————————-          

    Сүлүктү шаары                                                                

    Маданият мекемелери –  8

    Шаарда Сүлүктү шаардык маданият сарайы,  1 – Шаардык борборлоштурулган китепкана,  1 – китепкана филиалы,  1 – балдар китепканасы, 1 – Шаардык балдар искусство мектеби жана филиалы жана 1 Музей бар.

    Шаардын аймагында республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтер-жок