Image default
Жаңылыктар

Дүйнө чемпионаты: Акжол Махмудов алтын үчүн күрөшөт

Дүйнө чемпионаты: Акжол Махмудов алтын үчүн күрөшөт.
Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан Акжол Махмудов атаандашы кореялык Ким Хён Уну 4:1 эсебинде жеңип, финалга чыкты.
Ал 77 килограмм салмакта күч сынашкан.
Махмудов алтын медаль, дүйнө чемпиондугу наамы үчүн 11-сентябрда венгриялык спортчу Золтан Леваи менен килемге чыгат.
Белгилей кетсек, күрөш боюнча дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан 15 спортчу аттанган.