Image default
Жанылыктар

Дүйнөлүк гиннестер китеби жаңыланды. Түркияда 124 саат манас айтылды

Дүйнөлүк гиннестер китеби жаңыланды. Түркияда 124 саат манас айтылды.
Түркия Республикасынын Бурса шаарында өтүп жаткан “Манас жумалыгынын” алкагында Кыргыз Респбуликасынын эмгек сиңирген артисти Рысбай Исаков манас айтуучулук багыты боюнча дүйнөлүк гиннестер китебине 124 саат убакытка манас айтуу боюнча катталды.
Ага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, “Түрксой” эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Бурса шаарынын мэри Алинур Акташ, Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев, манасчылар жана коомчулук катышты.
Дүйнөлүк гиннестер китебине катталгандыгы тууралуу расмий маалыматты Бүткүл дүйнөлүк
Гиннес китебинин Түркия жана Борбор Азия мамлекеттери
боюнча өкүлү тастыктап, ага күбөлүгү тапшырылды. Анда катталуу учурунда Гиннес тарабынан бекитилген талаптар сакталгындыгы айтылды.
Салтанаттуу иш- чара манас айтуу, аны сактоо жана жайылтууда түрк дүйнөсүнүн мындай биргелешкен иш- чарасы улуу Түрк атанын балдары болгон элибиздин ынтымагын бекемдеп, аны даңазалоого жол ачылат.
Иш- чаранын алкагында эл алдына түрк, казак жана кыргыз манасчылары манас айтып, майрамдык маанай тартуулады.
Эске салсак, аталган “Манас жумалыгы” Кыргыз Улуттук “Манас” театры жана “Түрксой” эл аралык уюму тарабынан “Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын” жана “Бурса шаары – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” долбоорлорунун алкагында өткөрүлгөн алгачкы иш- чара болуп калды.
Иш- чаранын алкагында “Түрксой” эл аралык уюмунун бир катар сыйлыктары жана белектери менен түрк дүйнөсүнүн маданиятын өркүндөтүүгө кошкон бар катар инсандары сыйланды.
Возможно, это изображение 3 человека и люди стоят
Возможно, это изображение 1 человек
Возможно, это изображение 1 человек и стоит
Возможно, это изображение 5 человек, люди сидят и в помещении
Возможно, это изображение 3 человека, люди стоят и в помещении
Возможно, это изображение 3 человека, люди сидят, люди стоят, люди играют на музыкальных инструментах и в помещении
Возможно, это изображение 12 человек, люди стоят и текст «RECORD»
Возможно, это изображение 10 человек и люди стоят
Возможно, это изображение 3 человека, люди стоят и в помещении
Возможно, это изображение 6 человек, люди сидят, люди стоят и в помещении
Возможно, это изображение 3 человека, люди стоят и в помещении
Возможно, это изображение 1 человек и стоит