Анонстор|Жанылыктар

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: мурастардын кайра жаралуусу, маданий ар түрдүүлүктүн салтанаты

2021-жылдын 13-декабрынан 18-декабрына чейин ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында (Париж, Франция) онлайн форматта Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитеттин 16-сессиясы өтүүдө.

ЮНЕСКОнун комитетинин 16-декабрындагы жыйында Бишкек убактысы боюнча саат 15:45- 16:10 аралыгында «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: мурастардын кайра жаралуусу, маданий көп түрдүүлүктүн салтанаты» ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды сактоо боюнча мыкты тажрыйбалардын тизмесине киргизүүсү каралат.“Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: мурастардын кайра жаралуусу, маданий көп түрдүүлүктүн салтанаты” бул Тизмедеги Кыргыз Республикасы тарабынан сунушталган биринчи номинация.

Жалпысынан Комитеттин жыйынында быйыл ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизүү үчүн дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн 59 номинация каралып жатат, анын ичинде «Италияда трюфельдерди издөө жана казып алуу: салттуу билимдер жана тажрыйбалар», « Голландиядагы гүлдөр жана мөмө-жемиштердин фестивалы”, “Таиланддын түштүгүндөгү Нора бий драмасы” жана башка номинациялар.

Маалымат үчүн: 4 жылдык мөөнөткө шайланган ЮНЕСКОго мүчө-өлкөлөрдүн 24 өкүлү кирген Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитет жылына бир жолу чогулат.Номинацияларды ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизүү эл аралык деңгээлде материалдык эмес маданий мурастарды кеңири жайылтууга салым кошууну көздөйт.

Учурда ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастар тизмесине дүйнөнүн булуң-бурчунан материалдык эмес маданий мурастын 601 элементи, анын ичинде «Манас» эпосунун үчилтиги , “Кыргыз ак калпактарынын эркек баш кийимин жасоодогу салттуу устачылык” ж.б. бар.