Image default
Жанылыктар

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындарынын расмий ачылышында Кыргызстандын өкүлдөрү көрүүчүлөрдүн көңүлүн өзүнө бурду

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындарынын расмий ачылышында Кыргызстандын өкүлдөрү көрүүчүлөрдүн көңүлүн өзүнө бурду.
Түркиянын Изник шаарында өтүп жаткан Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылышындагы парадда Кыргызстандын өкүлдөрү көрүүчүлөрдүн көңүлүн өзүнө бурду.
Парадга спортчулардын жоон тобу бирдей форма менен чыгып, Кыргызстандын желеги өзгөчө желбиреди.
Кыргызстандан аталган оюндарга 11 түр боюнча катышууда. Анын ичинен, “Көк- Бөрү” жана “Алыш” бел боо күрөшү расмий мелдеш катары киргени белгилүү.
Мындан сырткары, оюндун программасында кураш, ашыртмалы аба күрөшү, капшымалы аба күрөшү, пахлавани, шалвар күрөшү, май күрөшү, мас- рестлинг, көк пар салттуу жаа атуу спорту бар.
Ал эми, көргөзмө оюн катары кыргыз күрөшү жана тогуз коргоол оюну кирген.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары адамзат цивилизациясынын менчиги болгондуктан, дүйнөдөгү этноспорттук жана этномаданий кыймылды өнүктүрүүгө багытталган.
Кыргызстандан жалпы оюндарга катышуу үчүн 148 спортчу катышууда. Оюндар 2022- жылдын 2-октяьрына чейин уланат.
Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары көчмөн элибиздин ортосундагы толеранттуу жана ачык мамилелерди калыптандыруу үчүн дүйнө элдеринин этникалык маданиятын, көп түрдүүлүгүн жана өзгөчөлүгүн жандандыруу, өнүктүрүү жана сактоо максатын көздөйт.
Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары – Кыргыз Республикасында негизделген эң ири эл аралык долбоор, көчмөндөр цивилизациясынын маданиятын жандандыруу жана сактоо максатында өкмөт тарабынан 2012-жылы демилгеленген долбоор болуп саналат.
Возможно, это изображение 5 человек и люди стоят
Возможно, это изображение 10 человек и люди стоят
Возможно, это изображение 4 человека, люди стоят и на открытом воздухе
Возможно, это изображение 4 человека, люди стоят и на открытом воздухе
Возможно, это изображение 4 человека, люди стоят и на открытом воздухе
Возможно, это изображение 2 человека, люди стоят и на открытом воздухе
Возможно, это изображение 7 человек, люди стоят, на открытом воздухе и текст «IRAN INDONESIA»
Возможно, это изображение один или несколько человек, люди стоят и толпа