Image default
Анонсы

День эпоса Манас

2021- жылдын 4-декабрында саат 11:00дө Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында 4- декабрь “Манас” эпосунун күнүнө карата “Манас айтсак кулак бүтөт ташка дагы, Манасчылар өнөргө бай башка дагы” аталышындагы иш- чара өтөт. Салтанаттуу иш- чара ошондой эле, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, “Даңк” медалынын ээси, И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин ардактуу профессору, манасчы Назаркул Сейдракмановдун 70 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин доктору, Эл аралык Манас таануучулар ассоциясынын президенти, манасчы Талантаалы Бакчиевдин 50 жылдыгына арналат.