Uncategorized

Дене – тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнү белгиленди

Бүгүн, 6-апрелде Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында дене- тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнү белгиленди.

Кесиптик майрамга спорт ардагерлери, спорт федерациялары, машыктыруучулар мейман катары чакырылды.Куттуктоо сөзү менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Кыргыз Ресубликасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Динара Ашимова сөз сүйлөштү.

Азамат Жаманкулов кыргыз спорту бүгүнкү күндө кандай бийиктиктерге жетип жатканын белгилеп, ушул күнгө чейин өрнөк көрсөтүп келген арадагерлерге ыраазычылык билдирди. Спорт ден-соолукту чыңдоо гана эмес, жумурай журттун башын бириктирген чоң күч болуп калгандыгын белгилеп өттү.

Анын мисалы катары, акыркы кезде кыргыз спортунун ийгилиги жаралаган учурда, өлкө желеги желбирегенде анын алдында бүтүндөй кыргыз элинин башы биригип, бир дем бир күч менен болуп жатканан белгиледи. Ошондой эле, министр Азамат Жаманкулов апрель айынан тарта спорт мекемелеринин айлыгы 50-100 пайызга көтөрүлүп жатканын айтып, ар бир спортчуга ийгилик жана бекем ден-соолук каалады.

Иш чаранын алкагында бир катар алдыңкы жана ишинде мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөткөн спортчуларга сыйлыктар тапшырылды.

Майрамдык салатант концерттик программа менен коштолуп, ата мекенди жана элди сүйүүгө арналган ырлар жаңырды.