Кыргыз жараны

adminminkult

2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн КОНЦЕПЦИЯСЫ

Киришүү 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы (мындан ары – Концепция) 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясынын логикалык уландысы болуп саналат. Концепция Кыргыз жараны деп өзүн таанууну Кыргыз Республикасынын бардык жарандарын бириктирүүчү жана элдин биримдигин бекемдөөчү өзүн таануу катары карайт. Учурда Кыргызстандын түрдүү маданий, этностук, диний салттарды карманган жарандардын жамааттарына карабастан, өлкөнүн эгемендүүлүгүн жана бакубаттуулугун бекемдөөгө умтулган бирдиктүү коомчулук – Кыргыз жаранын калыптандырууга багытталган 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жүзөгө ашырылууда. Кыргыз жараны – бул этностук, диний, социалдык жана региондук таандыктыгына карабастан, Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык укуктары жана милдеттери бар Кыргыз Республикасынын жараны. Кыргыз жараны өлкөнүн аталышы болгон -“Кыргыз Республикасы” аталышынан келип чыгат жана өздөрүнүн этномаданий бирдейлигин сактоо менен бардык этностук жамааттарды бириктирген жалпы жарандык бирдейликтин термини болуп саналат. 2020-жылдагы окуялардын алкагында Кыргыз жараны деп өзүн таанууну калыптандыруунун актуалдуулугу жогорулады. Өзүн таануунун өнүгүүсү ар бир Кыргыз жаранынын өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий турмушуна катышуусу үчүн бирдей шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жана коомдо көп түрдүүлүктү сактоо жана толеранттуулукту жогорулатуу жолу менен жетишилет. Толеранттуулук жана көп түрдүүлүк дөөлөттөрүн түшүнүү ар түрдүү социалдык топтордун жана этностук жамааттардын ортосундагы активдүү кызматташууну, өнөктөштүктү жана биргелешкен ишмердүүлүктү талап кылат. Өзүн Кыргыз жараны деп таануу үй-бүлө, коомчулук жана мамлекет тарабынан билим берүүнүн, маданияттын, үй-бүлө жана коом тарабынан калыптандырылуучу инсанды тарбиялоонун жана өнүктүрүүнүн бөлүгү болууга тийиш. Ошону менен бирге Кыргыз Республикасында мамлекеттик тил жарандарды бириктирүүнү камсыздоочу негизги өбөлгө болуусу зарыл. Кыргыз жараны деп өзүн таанууну өнүктүрүү концепциясынын дөөлөттөрүн жайылтууда жана көп түрдүүлүктү сактоодо мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдарына өзгөчө роль таандык, алар бекитилген конституциялык ченемдерди ишке ашырууну жана ар бир жарандын керектөөлөрүн урматтоону камсыз кылууга чакырылат.

  1. Концепциянын принциптери, максаты, негизги артыкчылыктары жана күтүлгөн натыйжалар

Концепциянын негизги принциптери: – Кыргыз Республикасынын бардык бекитилген конституциялык ченемдерин жана мыйзамдарын сактоого багыт алуу; – Кыргыз Республикасынын жарандарынын этностук, диний, социалдык жана аймактык таандыктыгына карабастан, тең укуктуулугун кепилдөө менен басмырлоого жол бербөө; – ыктыярдуулук, көп түрдүүлүктү урматтоо жана таануу, жарандардын укуктары менен милдеттеринин, ар түрдүү көз караштагы ар кандай топтордун ортосундагы тең салмактуулукту камсыздоо; – Кыргыз жаранын жана мамлекетти өнүктүрүүгө кызыкдар болгон бардык тараптардын өз ара аракеттенүүсү жана өнөктөштүгү. Концепциянын максаты: Кыргыз жараны деп өзүн таанууну өнүктүрүү жана илгерилетүү үчүн жагымдуу чөйрө түзүү. Концепциянын артыкчылыктуу багыттары:

  1. Кыргыз жараны деп өзүн таанууну аң-сезимдүү түшүнүүнү калыптандыруу.
  2. Кыргызстан элинин биримдигин чыңдоо, толеранттуулукту жогорулатуу жана көп түрдүүлүк дөөлөттөрүн урматтоону сактоо.
  3. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү, көп тилдүүлүктү сактоо жана өнүктүрүү.
  4. Башкаруу жана чечим кабыл алуу процесстерине катышууга бирдей шарттарды түзүү.
  5. Саясий институттарга жана мамлекеттик бийлик органдарына карата ишенимди жогорулатуу.

Концепциянын күтүлгөн натыйжалары: – Кыргыз жараны деп өзүн таанууну өнүктүрүү үчүн шарттар камсыздалган, механизмдери иштелип чыккан жана бардык жарандар өздөрүн Кыргыз жараны деп тааныган. – Кыргыз Республикасынын жарандары этностук, диний жана башка таандыктыгына карабастан, өлкөнүн коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык турмушуна катышууда (шайлоолорго катышуунун, салык төлөөнүн, жергиликтүү деңгээлде чечимдерди кабыл алуу процесстерине катышуунун өсүшү ж.б.) активдүүлүк көрсөтүүдө. – Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик тилди билүүсү үчүн шарттар түзүлгөн. – Көп тилдүүлүктү жана көп түрдүүлүктү сактоо жана өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлгөн. – Мамлекеттик башкаруу, анын ичинде сот жана укук коргоо органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик башкаруу системасында ар кандай этностук жамааттардын өкүлдөрүнүн болушу камсыздалган. Жарандардын саясий институттарга жана мамлекеттик бийлик органдарына болгон ишеними жогорулады.

  1. Кыргыз жараны деп өзүн таанууну өнүктүрүүнүн негизги багыттары жана стратегиялык милдеттери

Концепцияда коюлган максаттарга жетүү үчүн артыкчылыктуу багыттардын алкагында 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп өзүн таанууну өнүктүрүү үчүн төмөнкү стратегиялык маселелер аныкталат. 1-багыт. Кыргыз жараны деп өзүн таанууну аң-сезимдүү түшүнүүнү калыптандыруу. Кыргыз жараны – бирдейлигин аң-сезимдүү түрдө түшүнүүгө жетишүү жарандардын реалдуу тең укуктуулугун камсыздоону, улуттук мыйзамдарды өркүндөтүү жана өлкөнүн калкынын укуктук жана саясий маданиятынын деңгээлин жогорулатуу аркылуу алардын конституциялык укуктарын жана милдеттерин ишке ашырууну талап кылат. “Кыргыз жараны” түшүнүгүн өзүн таанууну өнүктүрүүнүн концепти катары калктын ар түрдүү топторунун керектөөлөрүнө жана өзгөчөлүктөрүнө карата талкуулоо жана аларга кылдат ыңгайлаштыруу зарыл. Бул мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ЖМКлардын жана жарандык коомдун уюмдарынын активдүү маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсүн талап кылат. Кыргыз жараны деп өзүн таанууну өнүктүрүү процессинде негизги роль билим берүү, илим, маданият, ЖМК жана социалдык тармактар системасына таандык, ал интеграцияланууга жана бирдейликти калыптандырууга, биринчи кезекте жарандык билим берүү жана укуктук маданиятты өнүктүрүү аркылуу элдин биригүүсүнө жана алардын өлкөгө болгон таандыктыгына карата сыймыктанууга багытталган долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн толук камсыз кылышы керек. Стратегиялык милдеттер: – Жарандардын Кыргыз жараны концепти түшүнүгүн калыптандыруу. Концепциянын негизги максаттары жана милдеттери тууралуу калкка маалымат берүү боюнча маалыматтык продукцияларды иштеп чыгуу жана коммуникациялык стратегияны жүзөгө ашыруу. – Кыргыз жараны аң-сезимин калыптандырууга багытталган долбоорлорду (иш-чараларды) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ЖМК, жарандык коомдун уюмдары, диний лидерлер жана жарандык активисттер аркылуу жайылтуу. – Билим берүү, балдарды жана жаштарды тарбиялоо системасына Кыргыз жараны – өзүн таануу түшүнүгүн киргизүү жана жарандык билим берүүнү өнүктүрүү. 2-багыт. Кыргызстан элинин биримдигин чыңдоо, толеранттуулукту жогорулатуу жана көп түрдүүлүк дөөлөттөрүн урматтоону сактоо. Биримдикти чыңдоо, толеранттуулукту жогорулатуу жана көп түрдүүлүк дөөлөттөрүн урматтоону сактоо Кыргыз жараны деп өзүн таануунун улутту калыптандырууну камсыз кылуунун маанилүү шарттарынан болуп саналат. Улуттук жана жергиликтүү деңгээлдеги бардык уюмдардын ишмердүүлүгү коомдун биригүүсүнө көмөктөшүүгө багытталышы керек, мында ар түрдүү региондук жана этностук жамааттардын, диний конфессиялардын ж.б. кызыкчылыктарын жана керектөөлөрүн эске алуу жана Кыргыз жаранынын жалпы жарандык кызыкчылыктарын калыптандыруу зарыл. “Кыргыз жараны” түшүнүгүн жайылтуу үчүн билим берүү, ЖМК, Интернет-ресурстары, искусство, маданият жана спорт жаатындагы бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу зарыл. Ошондой эле мамлекеттик органдар, ЖМК жана жарандык коомдун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жана кызматташууну күчөтүү абзел. Кыргызстан калкы ассамблеясы (ККА) жана башка коомдук бирикмелер элдин биримдигин бекемдөө жана Кыргыз жараны – улутту калыптандыруу идеясын ишке ашыруучулардан болууга тийиш. ККАнын негизги максаты – этностор аралык ынтымакты, жарандык тынчтыкты жана Кыргызстан элинин биримдигин бекемдөөгө ар тараптуу көмөктөшүү, ошондой эле этностук жамааттардын мамлекетти өнүктүрүүгө жана гүлдөтүүдө чогуу жоопкерчилигин жана сыймыктануусун калыптандыруу болушу керек. Стратегиялык милдеттер: – Коомдогу көп түрдүүлүктү сактоо менен Кыргыз жараны – улуттун концептин калыптандыруу үчүн жагымдуу чөйрөнү камсыздоо. – Көп түрдүү маданий билим берүүнү кеңейтүү жана бекемдөө. – Толеранттуулук жана жарандык биримдик идеясын бардык коммуникациялык каналдар аркылуу таркатууга түрткү берүү жана шыктандыруунун механизмдерин киргизүү. – Аймактык, диний, этностук жана башка таандыктагы ар түрдүү топтордун ортосунда кызматташуу деңгээлин биргелешкен долбоорлорду жана иш-чараларды жүзөгө ашыруу аркылуу жогорулатуу. – Элдин биримдигин чыңдоо жана Кыргыз жараны деп өзүн таанууну өнүктүрүү идеяларынын өткөрүүчүсү катары ККАнын макамын жогорулатуу. 3-багыт. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана илгерилетүү, көп тилдүүлүктү сактоо жана өнүктүрүү Мамлекеттик тилди билүү жана колдонуу өзүн таанууну өнүктүрүүнү камсыздоочу маанилүү бириктирүүчү фактор болуп саналат. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү ушул Концепцияны жүзөгө ашыруунун маанилүү шарты болуп эсептелет. Ошондой эле көп тилдүүлүктү сактоо жана өнүктүрүү маанилүү. Көп тилдүүлүктү өнүктүрүү Кыргызстанда жашаган ар бир этностун эне тилин сактоосу жана өнүктүрүүсү менен байланышкан. Тилдик өз алдынчалыкты сактоодо жана өнүктүрүүдө Кыргызстандын бирдиктүү элинин этностук маданияттарынын интеграциялануусунда Кыргызстан калкы ассамблеясы маанилүү ролду ойнойт. Расмий (орус) тил коомдук турмушта этностор аралык пикир алышуунун тили катары маанилүү орун алуусун улантат жана өзүнүн керектигин сактайт. Кыргыз жаранын эне тилинде, мамлекеттик, расмий жана чет тилдеринде эркин сүйлөгөн жаран катары калыптандырууга көмөктөшүүчү көп тилдүү билим берүүнү өнүктүрүү жана ишке киргизүү зарыл. Стратегиялык милдеттер: – Мамлекеттик тилди өнүктүрүү, мамлекеттик тилди окутуунун методикасын өнүктүрүү жана сапатын жогорулатуу. – Жарандардын мамлекеттик тилди билүүсүн илгерилетүү жана шыктандыруу. – Көп тилдүү билим берүүнү жана расмий, эне тилин, чет тилдерин билүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү сактоо жана өнүктүрүү. 4-багыт. Башкарууга жана чечимдерди кабыл алуу процесстерине катышуу үчүн бирдей шарттарды түзүү Бардык жарандарга жынысы, жаш курагы, этностук, диний жана башка айырмачылыктарына карабастан, мамлекетти башкарууга катышуу үчүн бирдей шарттарды камсыз кылуу улуттук өзүн таанууну калыптандыруудагы мамлекеттин маанилүү милдети болуп саналат. Өлкөдө мамлекеттик бийлик органдарынын алдында түзүлгөн коомдук кеңештер, кызыкдар топтордун катышуусунда өткөрүлүп келе жаткан коомдук угуулар жана консультациялар, курултайлар жана жарандык форумдар сыяктуу мамлекеттик саясатты түзүүгө жана чечимдерди кабыл алуу процесстерине жарандардын катышуусун камсыздоочу түрдүү механизмдер түзүлгөн. Тилекке каршы, алардын көбү жетишээрлик натыйжалуу иштей албай жатат, учурдагы механизмдерди мындан ары да өркүндөтүү жана жаңыларын киргизүү талап кылынууда. Калктын түрдүү социалдык топторунун өкүлдөрүнүн башкаруу жана чечим кабыл алуу процесстерине катышуусу үчүн бирдей шарттарды камсыз кылуу, этностук жамааттардын өлкөнүн саясий турмушуна катышуусун жана алардын борбордук жана жергиликтүү деңгээлдерде башкаруу органдарына тартылуусун кеңейтүү зарыл. Стратегиялык милдеттер: – Этностук, социалдык жана аймактык таандыктыгына карабастан, жарандардын чечимдерди кабыл алуу процесстерине катышуусун жана ресурстарга жана башкарууга жеткиликтүүлүгүн камсыздоодо бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү үчүн улуттук мыйзамдарды өркүндөтүү. – Мамлекеттик бийлик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, сот жана укук коргоо органдарында этностук жамааттардын өкүлдөрүнүн болуу деңгээлин жогорулатуу. – Калктын ар түрдүү социалдык топторунун өкүлдөрүн чечимдерди кабыл алуу процесстерине тартуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана стимулдарды түзүү. 5-багыт. Саясий институттарга жана мамлекеттик бийлик органдарына карата ишенимди жогорулатуу Кыргыз жараны деп өзүн таанууну өнүктүрүү жалпы улуттук жана жергиликтүү деңгээлдерде сапаттуу мамлекеттик башкарууну камсыз кылуусуз, ошондой эле жарандык демилгелерди жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды түзүүчү жана жалпысынан алганда жарандардын активдүүлүгүн жогорулатуучу жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрмөйүн мүмкүн эмес. Ушул максатта мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин потенциалын жогорулатуу системасын иштеп чыгуу жана аны башкаруунун бардык деңгээлдеринде киргизүү зарыл. Натыйжалуу мамлекеттик башкаруунун негизин жарандарды укуктук коргоону камсыз кылган жана мыйзамдуулукту жана адам укуктарын сактаган адилеттүү сот системасы жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү түзөт. Кыргыз Республикасында сот системасын жана укук коргоо органдарын реформалоо процесси азыркы убакта активдүү фазада турат, сот адилеттигин калыптандырууну жана бийлик институттарына коомдун ишеничин жогорулатууну камсыздоочу оптималдуу чечимдерди табуу иши жүрүп жатат. 2010-жылы өлкөдөгү этностор аралык чөйрөдөгү кризистин тажрыйбасынын негизинде чыр-чатактарды алдын алуу жана аларга мониторинг жүргүзүү боюнча борбордук жана жергиликтүү деңгээлдерде башкаруу органдарынын системасы түзүлгөн. Аталган ишмердүүлүк олуттуу жакшыртууга муктаж, өзгөчө маалыматтарды чогултуу системасын түзүү жана анын негизинде башкаруучулук чечимдер кабыл алынуучу Концепцияны жүзөгө ашыруу боюнча отчеттуулук жаатындагы иштер бир топ өркүндөтүүнү талап кылат. Стратегиялык милдеттер: – Мыйзамдын үстөмдүгүн (адам укуктарын коргоо, сот адилеттиги, бирдей укуктар, кесипкөй жана ачык укук коргоо системасы) камсыздоо жана бардык жарандар үчүн сот адилеттигине тең укуктуу жеткиликтүүлүктү камсыздоо үчүн шарттарды түзүү. – Кыргыз жараны деп өзүн таанууну өнүктүрүү боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруунун башкаруучулук потенциалын жогорулатуу. Жарандык коомду тартуу менен Концепцияны жүзөгө ашырууга мониторинг жүргүзүү жана отчеттуулук системасын киргизүү. III. Концепцияны ишке ашыруу механизмдери Концепцияны ишке ашырууну башкаруу Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамдарына, 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына жана башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле кабыл алынган эл аралык милдеттенмелерге ылайык белгиленген тартипте күчүнө кирген укуктук ченемдерге ылайык жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аткаруу бийлигинин органы катары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп өзүн таанууну өнүктүрүү концепциясын жүзөгө ашыруунун алкагында Иш-аракеттер планын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат (мындан ары – Иш-аракеттер планы) жана каралган иш-чаралар менен иш-аракеттердин аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. Иш-аракеттердин планын жүзөгө ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн координациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри жетектеген ведомстволор аралык комиссия түзүлөт, ал мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Кыргызстан калкы ассамблеясынын, ЖМКлардын, жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрүн жана жарандык активисттерди камтыйт. Ведомстволор аралык комиссиянын катчылыгынын милдеттери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигине жүктөлөт. Кыргыз жараны деп өзүн таанууну өнүктүрүү концепциясын ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар менен кызматташуусу каралат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги Концепцияны жүзөгө ашырууну координациялайт жана камсыз кылат, Иш-аракеттер планын жүзөгө ашыруу боюнча министрликтердин жана ведомстволордун ишмердигине мониторинг жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктарга ээ. Жергиликтүү мамлекеттик органдар жана өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган Иш-аракеттер планын жүзөгө ашырат.

  1. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо

Концепцияны жүзөгө ашыруунун маанилүү элементи болуп мониторинг жүргүзүү системасы жана аны жүзөгө ашырууга баа берүү болуп саналат. Иш-аракеттер планы өзүнө ар бир артыкчылыктуу багыттын жана стратегиялык милдеттин алкагында конкреттүү иш-чараларды камтыйт, ошондой эле конкреттүү иштерди, индикаторлорун, жүзөгө ашыруунун мөөнөттөрүн жана жооптууларды камтыйт. Жүзөгө ашыруу боюнча негизги өнөктөштөр, алардын иш-милдеттерине кирген тиешелүү чөйрөдөгү иш-чараларга мониторинг жүргүзүү үчүн маалыматтарды чогултууга жана талдоо жүргүзүүгө жооптуу болушат. Ыйгарым укуктуу органга Иш-аракеттер планын жүзөгө ашыруунун жана Концепциянын максатына жетишүүнүн жүрүшү тууралуу мониторингдин негизинде маалыматтарды топтоо жана дайыма отчетторду даярдоо тапшырылат. Ыйгарым укуктуу орган – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги ведомстволор аралык комиссияга Концепцияны жүзөгө ашыруунун жүрүшү тууралуу дайыма отчет берип турууга милдеттүү. Жарым жылдык жана жылдык отчеттор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана ведомстволор аралык комиссияга берилүүгө тийиш. Улуттук Иш-аракеттер планын жүзөгө ашыруунун жүрүшү тууралуу отчет алты айда бир жолудан кем эмес жолу угулууга тийиш. Концепцияны жүзөгө ашыруунун жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте берилүүгө тийиш. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчилиги астында Концепцияны жүзөгө ашыруу боюнча жарандык коомдун уюмдарын жана жарандык активисттерди тартуу менен орто мөөнөттүү жана жыйынтыктоочу баа берилет.