Image default
Жаңылыктар

Эл аралык фестиваль – маданияттар аралык алака түзүү формасы

2-декабрь күнү Кааба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда “Түндүк Кавказ элдеринин маданияты” IX Эл аралык фестивалы өттү.
Фестиваль Кыргызстан элинин ассамблеясынын колдоосу менен карачайлардын “Ата-Журт” Эл аралык ассоциациясы тарабынан уюштурулду.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу катышып, өтүп жаткан иш- чаранын маанилүүлүгүнө токтолуп, министр Алтынбек Максутовдун куттуктоо сөзүн жолдоду.
Чыңгыз Эсенгул уулу Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешинин төрагасынын орун басары жана “Ата Журт” эл аралык карачайлар ассоциациясынын төрайымы Зухра Шидаковага иш-чараларга ар дайым жигердүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, төмөндөгүлөргө токтолду.
“Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Ассамблея өлкөнүн маданий жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, ошондой эле элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоого кошкон зор салымын ар дайым белгилеп келет.
Этникалык чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун жогорулатуу жана элибиздин биримдигин мындан ары чыңдоо максатында Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2021-2026-жылдарга карата “Кыргыз жараны” жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү концепциясы бекитилген. “Кыргыз жараны” концепциясында эне тилди өнүктүрүүгө, маданият аркылуу этностук баалуулуктарды арттырууга толук эркиндик каралган.
Жалпыга белгилүү болгондой, 100 дөн ашык улуттун өкүлдөрү жашаган сүйүктүү Кыргызстаныбызда биримдикти, тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоо мамлекеттик саясаттын эң маанилүү багыты болуп саналат, биз биргелешип жаштарды тарбиялоого жана Кыргызстандын көп улуттуу элинин жашоосун жакшыртууга активдүү катышуубуз зарыл. Мамлекетибиздин туруктуу өнүгүүсү үчүн кызматташуу жана элибиздин биримдигине негизделген жаратман эмгек керек.
Өлкөбүздө жашаган этностордун ортосундагы мамилени чыңдоо, жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү мамлекеттик деңгээлдеги эң маанилүү максаттардын жана милдеттердин бири. Биздин байлыгыбыз ар түрдүүлүктө. Урматтуу Зухра Хаджимахмудовна, Сизге чың ден соолук, бакубатчылык жана мындан аркы ишиңизге албан ийгиликтерди каалайм”- деди Чыңгыз Эсенгул уулу.
Аталган маданий иш-чарага Кыргызстандын жана Казакстандын чыгармачыл топтору, ошондой эле атайын Казакстандан келген коноктор катышты. Концерттик иш-чарада “Исламей”, “Учкулан”, “Улыбка” бий ансамблдери, “Иверия” казакстандык бий студиясынын филиалынын тарбиялануучулары, “Karabakh” (Алматы, Казахстан) ансамбли жана башка бир катар бий топтор, Кыргыз эл артисти Саламат Садыкова ж.б. ырчылар өз өнөрлөрүн көрүүчүлөргө тартуулашты.