Image default
Жаңылыктар

Эл аралык түрк тилдүү элдердин салттуу музыкалык искусствосунун изилдөөчүлөрү катышкан эл аралык симпозиум өтүп жатат

Эл аралык түрк тилдүү элдердин салттуу музыкалык искусствосунун изилдөөчүлөрү катышкан эл аралык симпозиум өтүп жатат.
9-сентябрь, комуз күнүнө карата Чолпон-Ата шаарында эл аралык түрк тилдүү элдердин салттуу музыкалык искусствосунун изилдөөчүлөрү катышкан эл аралык симпозиум өтүп жатат.
Симпозиумга Кыргызстан, Казахстан, Италия, Венгрия, Финландия, Австрия, Япония, АКШ, Канада, Улуу Британия, Сербия, Түркия, Азербайжан, Россия Федерациясы, Өзбекстан, Албания, Татарстан, Болгария, Түркмөнстан, ж.б. мамлекеттен келген илимпоздор, салттуу музыка искусствосун алып жүрүүчүлөрү оффлайн жана онлайн катышууда.
Иш-чаранын алкагында түрк тилдүү элдердин салттуу музыкалык искусствосунун изилдөөдөгү проблемалар жана анын булактары, салттардын дүйнөдөгү өзгөрүүлөрү, түрк элдеринин бий жана ыр салттары жана алардын учурдагы изилдөө методдору, филмдердин презентациясы жана башка ушул сыяктуу темалардын үстүндө пленардык талкуулар жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, симпозиум бүгүн 8-сентябрь жыйынтыкталат. Ал эми симпозиумдун катышуучулары 9-сентябрда Бишкекте өтө турган комуз күнүнө карата даярдалган гала концертке катышат.