Image default
Жаңылыктар

Элибизге “Мөлмөлүм” ыры менен кеңири таанылган Малик Аликеев дүйнө салды

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, ырчы-импровизатор жана комузчу Малик Аликеев 53 жаш куракта эле.
Ал 1969-жылы 6-июлда Талас облусунун Талас районуна караштуу Көпүрө-Базар айылында туулган. Филармониянын алдында түзүлгөн “Эл ырчысы-Эстебес” тобунда 16 жашынан бери ырдап келген.
Анын аткаруусундагы “Арзыкан”, “Таласым”, “Сардал кыз”, “Жалжалым” аттуу ырлары да элдин жүрөгүндө түнөк тапкан.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.