Image default
Жанылыктар

Эмильбек Балтагулов Токтосун Тыныбеков атындагы филармониянын директору болуп дайындалды

Эмильбек Балтагулов Токтосун Тыныбеков атындагы филармониянын директору болуп дайындалды.
Жала-Абад облустук Токтосун Тыныбеков атындагы филармониянын директору болуп Эмильбек Балтагулов дайындалды.Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов кол койду.
Эмильбек Балтагулов буга чейин Жалал-Абад облустук Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрынын директору болуп иштеп келген.
Жаңы директорду Жалал-Абад облустук филармониянын жамаатына министрдин орун басары Түмөнбай Колдошов тааныштырды.
Эмильбек Балтагулов 1981-жылы 28-сентябрда Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылында туулган.
1999-2004- жылдары Ош Мамлекеттик университетинин искусство факультетинин музыка бөлүмүн окуп бүтүргөн.
2004-2007-жылдары Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинде окутуучу.
2010-2011-жылдары Чаткал районунун Терек-Сай айылынын маданият үйүнүн көркөм жетекчиси болуп иштеген.
2019-жылдын 14-январынан тарта Сузак райондук балдардын билим берүү борборунун “Жаш талант” музыкалык ийриминин жетекчиси кызматында,
2019-жылдын 24-июнунан тартып Жалал-Абад маданият техникумунун директору,
2021-жылдын 28-октябрынан тартып, 2022- жылдын 11-ноябрына чейин Барпы Алыкулов атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театрынын директору болуп эмгектенип келген.