Image default
Жаңылыктар

“Эрмен жыты” тасмасынын бет ачары өттү

2023-жылдын 18-январында “Манас” кинотеатрында Айбек Дайырбековдун “Эрмен жыты” аттуу жаңы тасмасынын бет ачары болду.
Ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов , Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов катышты.
“Эрмен жыты” тасмасы үй-бүлөдөгү маселелер, ата-баланын, эне-баланын ортосундагы мамиле, мээрим, балдардын кыялдары, оюн- зоогу аркылуу олуттуу социалдык маселелер көтөрүлгөн, ошол эле учурда: «Ар бир киши, ар бир аял, ар бир бала бактылуу болууга татыктуу!» деген маани камтылган.
“Эрмен жыты” тасмасынын Дүйнөлүк премьерасы 2022-жылдын октябрь айында эң ири дүйнөлүк кинофестивалдардын бири Түштүк Кореяда Пусан кинофестивалында болуп өткөн.
Аталган тасма Кыргыз Республикасынын Кинематография департаментинин жана Т. Океев атындагы Улуттук Кыргызфильм киностудиясынын колдоосу менен “Централ Азия Фильм” студиясы тарабынан тартылды.
Сценарийдин автору жана режиссеру – Дайырбеков Айбек Усонбекович
Тасманын орусча аталышы – «Запах полыни».
Жанры – драма;
Хронометражы – 92 мүнөттү түзөт.