Грек-рим күрөшү боюнча курама команда Бишкекке келди.
Бүгүн, 15-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен «Манас» эл аралык аэропортунда (Бишкек шаары) спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатына катышкан Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча курама команданы тозуп алуу аземи өттү.
Дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрүн жана катышуучуларын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, спортчулардын ата-энелери, туугандары жана күйөрмандары тозуп алышты.
Иш-чаранын негизинде маалымат жыйын өтүп, ошондой эле концерттик программа менен коштолду.
Эскерте кетсек, Дүйнө чемпионаты 10-сентябрда Белград шаарында (Сербия) старт алган. Грек-рим күрөшү боюнча жалпы 6 спортчу улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков,башкы машыктыруучу Азат Эркимбаев жана жеке машыктыруучу Мейрамбек Ахмедовдун жетекчилиги алдында чемпионатка катышты.
Чемпионаттын жыйынтыгы менен Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков 1-орунду ээлеп Дүйнө чемпиону болушту. Ошондой эле Амантур Исмаилов 67 кг салмакта коло байгенин ээси болду.










