Тарыхый – маданий мурастар

Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастары улуттук маданияттын абдан маанилүү бөлүгү, мамлекеттин маданият саясатынын түптөөчү принциптерин түзүүчү, улуттун өзүн-өзү аңдап билүүсүнүн өзөгү болуп саналат.

Кыргыз Республикасында Кыргызстандын улуттук тарыхында жана маданиятында өзгөчө мааниге ээ тарыхый, археологиялык, архитектура жана шаар куруу, монументалдык искусствонун 2 миңдей кыймылсыз эстеликтери бар. Алардын ичинен 583 объект Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568 «Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмесине кирген.

Тарых жана маданият эстеликтеринин типологиялык тиешелүүлүгү төмөнкүдөй:

– тарыхый эстеликтер – 66 объект;

– археологиялык эстеликтер – 335 объект;

– шаар куруу жана архитектура эстеликтери – 122 объект;

– искусство эстеликтери – 53 объект;

– тарыхый-маданий жана табигый – 7 объект.

Республикада жыл сайын тарых жана маданият эстеликтерин этаптуу инвентаризациялоо, эстеликтердин тарыхый-маданий жана көркөмдүк маанисин аныктоо боюнча илимий-изилдөөчү иштер, аларды техникалык кароодон өткөрүү, эсепке алуу документтерин тариздөө (паспорттор, коргоо милдеттенмелери жана коргоо келишимдери) жүргүзүлөт.

Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарындагы археологиялык эстеликтерди инвентаризациялоонун жыйынтыгында изилденген 173 эстеликтин ичинен 25 археологиялык объект жана 28 архитектуралык эстелик ремонттоо-реставрациялоо жана консервациялоо иштерине муктаж экендиги аныкталган. 76 объектиге паспорт берилип, объектилердин менчик ээлери (пайдалануучулары) менен 172 коргоо келишимдери жана коргоо милдеттенмелери түзүлгөн.

2009-жылы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданий мурастарынын тизмесине «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси, 2014-жылы «Красная Речка (Невакет)», «Ак-Бешим (Суяб)» чалдыбарлары жана «Бурана» мунарасынын республикалык археолого-архитектуралык музей комплекси (Баласагын)» киргизилген.

Тарыхый-маданий мурас объекттердин, алардын чектешкен аймактарынын тарыхый чөйрөсүнүн сакталышын камсыз кылуу максатында тарыхый-маданий мурас объекттеринин коргоо чөлкөмдөрү: коргоо чөлкөмү, курулуштарды жөнгө салуу жана жаратылыштын же тарыхый-табигый ландшафттардын корголуучу объекттеринин чөлкөмдөрү белгиленет. Кыргыз Республикасынын аймагында республикалык маанидеги 23 эстеликтин коргоо чөлкөмүнүн долбоору иштелип чыккан.

2013-2014-жылдардын аралыгында «Красная Речка (Невакет)», «Ак-Бешим (Суяб)» чалдыбарларында жана «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин объектеринде консервациялоо жана ремонттоо иштери жүргүзүлгөн.

Тарых жана маданият эстеликтерин коргоо, сактоо, пайдалануу жана кеңири жайылтуу изилдөө, реставрациялоо, консервациялоо жана музейлештирүү иштерине чейин бир далай финансылык салымдарды талап кылат.

Тарых жана маданият эстеликтери тийиштүү каралбагандыктан алар акырындык менен бузулууда. Тарыхый-маданий мурас объекттеринин сакталышына чарба жүргүзүүчү субъектилердин чарбалык иштери, археологиялык жана тарыхый-маданий эстеликтер жайгашкан жерлерди юридикалык тариздөөнүн жоктугу сыяктуу факторлор таасирин тийгизүүдө.

Тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо чөйрөсүндөгү негизги көйгөйлөрдүн бири реставрациялоо жана ремонттоо иштерине каражаттын жана квалификациялуу кадрлардын жоктугу болууда. Тарыхый-маданий мурас объекттери боюнча түзүлгөн долбоордук-сметалык документтер эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган менен макулдашылбайт. Курулуш, ремонт иштерин тарыхый-маданий мурас объекттерди реставрациялоого байланыштуу иштерди жасоого уруксаты жок уюмдар жүргүзүшкөндүктөн бул эстеликтердин жоголуусуна алып келүүдө.

Тарыхый-маданий мурас объекттеринин коргоо чөлкөмүнүн долбоорлорунун жоктугу архитектуралык, археологиялык жана тарыхый эстеликтердин өзгөртүлүп курулуп, алардын көрүнүшү өзгөртүлүп, кээде эскирген курулуш катары бузуп салууга дуушарлантууда. Көп учурда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү эстеликти коргоо боюнча мамлекеттик органдын макулдугусуз эле эстеликтердин коргоо чөлкөмдөрүндө алардын сакталышын эсепке албай курулуш иштерине уруксат беришет. Жерлер эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын корутундусу жок эле чарбалык-курулуштук иштерге жана иштетүү максаттарына бөлүп берилет, ошондой эле шаарларды жана башка калктуу конуштарды пландоо, куруу, реконструкциялоо долбоорлору даярдалат жана бекитилет.

Мамлекет тарабынан жерди жеке менчикке берүү боюнча жүргүзүлүп жаткан жер реформасы, ошондой эле кендерди жана аларга жанаша аймактарды өздөштүрүү, ага баруучу жолдорду куруу сыяктуу тез өсүп бараткан тенденция, коргоо чараларынын жоктугу көп сандаган археологиялык эстеликтердин жок болушуна же бузулушуна алып келди. Республиканын аймагында табылган археологиялык эстеликтердин басымдуу көпчүлүгү чарбалык жана башка иштерди жүргүзүүнүн натыйжасында талкаланууга дуушар болууда.

Эгерде эстеликтер ээлеп турган жер участокторунун макамы боюнча маселе жөнгө салынбаса, анда жакынкы 10-15 жылда эстеликтердин айрымдары жок болуп кетиши мүмкүн.

Бул көйгөй тиги же бул аймакта тарых жана маданият эстеликтеринин бар экендиги жөнүндө маалыматтын жоктугунан улам да болууда. Пландык-картографиялык материалдарда, жерди эсепке алуу документтеринде жана топографиялык карталарда тарыхый-маданий мурас объекттеринин бар экендиги жана орду жөнүндө тийиштүү белгилер жок.

Тарыхый-маданий мурастар чөйрөсүндөгү азыркы ченемдик-укуктук база иш жүзүндө реалдуу юридикалык практикада колдонулбайт.

Жер-жерлерде мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарыхый-маданий мурас объекттерин изилдөөгө, табууга, эсепке алууга жана коргоого каражат бөлүшпөйт.

Тарыхый-маданий мурастар – туура мамиле жана натыйжалуу пайдалануу болсо мамлекеттин имиджин жогорулатуучу жана туризм чөйрөсүн өнүктүрүүчү ресурс боло алуучу чөйрө. Бирок, тарых жана маданият эстеликтери туристтерди тартууда толугу менен пайдаланылбай жатат. Тарыхтын жана маданияттын көптөгөн эстеликтери бар аймактарда талапка ылайыктуу инфрастуктура жок. Жергиликтүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары региондун кызыктуулугун жогорулатууда эстеликтердин мүмкүнчүлүктөрүн эске алышпайт.