Image default
Жанылыктар

Хоккей боюнча “Bishkek Arena Cup” эл аралык мелдеши өтүп жатат

Хоккей боюнча “Bishkek Arena Cup” эл аралык мелдеши өтүп жатат.
Бүгүн, 18-ноябрда “Бишкек арена” шаардык муз аянтчасында жаш жеткинчектер арасында (2014-2015 ж.т.) хоккей боюнча “Bishkek Arena Cup” эл аралык мелдеши старт алды.
Мелдештин салтанаттуу ачылыш аземине Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орунбасары-Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев, КР ЖК депутаты Дастан Бекешов, АКШнын Кыргызстандагы элчисинин маданият, спорт жана билим берүү тармагындагы кеңешчиси Вероника Элкинс, Кыргыз Республикасынын Хокей федерациясынын вице-президенти Асел Абдагулова, спорт мектептеринин директорлору, спортчулар жана күйөрмандар катышты.
Канат Шабданбаев мелдештин катышуучуларын куттуктап, жаштар арасында хоккей боюнча мелдештердин өткөрүлүүсү Кыргызстанда кышкы спорттун өнүгүүсүнө чоң салым болоорун билдирди.
Белгилей кетсек, мелдеш 19-ноябрга чейин уланат. Жалпы 6 команда: 1)ХК Динамо Алматы 2) ХК Стрижи 3) ХК Рахимжан 4)ХК Нарынские Ястребы 5)ХК Локомотив 6) ХК Алга Юниор катышып жатат.
Возможно, это изображение 1 человек
Возможно, это изображение 3 человека и люди стоят
Возможно, это изображение 4 человека и люди стоят
Возможно, это изображение 8 человек, люди стоят и в помещении
Возможно, это изображение 4 человека, люди стоят и в помещении
Возможно, это изображение 5 человек, люди стоят и в помещении