Uncategorized

Хоккей боюнча улуттук курама команда 4-дивизиондогу хоккей боюнча дүйнө чемпионатына даярданып жатат

Бүгүн, 24-февралда Шаардык муз аянтчасында 4-дивизиондогу хоккей боюнча дүйнө чемпионатына Кыргызстан улуттук курама канданын даярдыктары тууралуу массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн пресс тур уюштурулду.

Анда, Кыргызстандун курама командасы кандай даярдыктарды көрүп жатат, машыгуулар кандай жүрүүдө, машыктыруучулардын ой- пикирлери, муз аянтчанын даярдыгы жана бир катар суроолорго жооп берилди.

Пресс- турга Кыргыз Республикасынын Хоккей федерациясынын вице- президенти Эльзар Болотбеков катышып, тиешелүү суроолого жооп берди.

“Учурда муз аянтчасы эл аралык стандар боюнча бардык талаптарга жооп берет. Меймандар, 2-мартта Кыргызстанга келишет. Учурда улуттук курама команда дирекциянын календарлык планы боюнча окуу-машыгуу жыйынын өткөрүп жатат”,- деп билдирди Эльзар Болотбеков.

Эске салсак, 3-марттан 8-мартка чейин Бишкек шаарында хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтүп, ага Малайзия, Иран, Кувейт, Сингапур жана Кыргызстандын командалары катышат.

Ошондой эле Эл аралык хоккей федерациясынын президенти Люк Тардиф, советтик хоккей боюнча атактуу дарбазачы Владислав Третьяк, Германиянын хоккей федерациясынын президенти Франц Рейндл жана Эл аралык хоккей федерациясынын Азия жана Океания боюнча вице-президенти Айваз Оморканов да катышат.