Image default
Жанылыктар

Каракол лыжа базасында Кыргызстанда 2021-2022-жылкы кышкы туристтик сезон расмий ачылды

Каракол лыжа базасында Кыргызстанда 2021-2022-жылкы кышкы туристтик сезон расмий ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Бир күн мурун өткөн иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинин, Кыргызстандагы туризмди туруктуу өнүктүрүү боюнча швейцариялык долбоорунун өкүлдөрү, ата мекендик өнөктөштөр, туристтер жана эс алуучулар. Ачылыш аземинде министр бардык конокторго жакшы маанай каалап, Кыргызстандын кооз жаратылышын барктап, сүйүүгө чакырды. Министр кышкы туризм өлкө экономикасынын маанилүү тармактарынын бири экенин белгилеп, бул багытта бир топ иштер пландалып жатканын кошумчалады.