Image default
Uncategorized @kg

Каракол шаары КМШнын маданий борборунун эстафетасын Санкт-Петербургга тапшырды

Бүгүн, 12- декабрда Ташкентте өтүп жаткан КМШга мүчө мамлекеттердин чыгармачыл жана илимий интеллектуалдарынын XV форумунда Каракол шаарынын вице-мэри Гүльназ Орозова Каракол КМШнын маданий борборунун эстафетасын Санкт-Петербург шаарынын жетекчилигине тапшырды.
Гулназ Орозова өз сөзүндө 2022-жылдын ичинде Каракол шаарында 20дан ашык ар кандай маданий иш-чаралар, чыгармачылык жолугушуулар, сынактар жана КМШ өлкөлөрүнүн белгилүү эстрада жана классикалык аткаруучуларынын гастролдору өткөнүн баса белгилеп, жыл жемиштүү жыйынтыкталганын айтып, мындан ары маданий борбордун сапары байсалдуу болсун деп билдирди.
Ал эми, Санкт-Петербург шаары маданий борбор катары учурда даярдыктарды көрүп жатканын белгилеп, шаар турмушу жана маданий баалуулуктарга токтолуп, шаар тууралуу кыска видео баян сунуштады.