Uncategorized

Карамолдо Орозов атындагы балдар искусство мектеби жана Ысык-Көл райондук борборлоштурулган китепкана жаңы имаратка муктаж

Мындай маалымат Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар сасаты министри Азамат Жаманкулов Чолпон- Ата шаарында жайгашкан Карамолдо Орозов атындагы балдар искусство мектебинде райондук борборлоштурулган китепкана менен таанышуу учурунда белгилүү болду.

Аталган искусство мектеби 1936-жылы курулган. Окуу класстары өтө тар болгондуктан, бүгүнкү талаптарга жооп бербегендиги тууралуу маалыматты мектеп жетекчилиги маалымдады. Учурда 300гө жакын окуучулар музыкалык жана хореографиялык багытта билим алууда. Андан соң, министр Ысык-Көл райондук борборлоштурулган китепкананын ишмердүүлүгү менен таанышты. Азыркы учурда китепкана имараты авариялык абалда болгондуктан жаңы имаратка муктаждыгы белгиленди.

Ысык-Көл райондук борборлоштурулган китепкана облус боюнча биринчи ачылган китепкана болуп эсептелинип, 1926-жылы салынган. Ал 2009-жылдан бери авариялык абалда. Катуу жааган жамгырдан улам, чатырынан суу агып эмеректер жараксыз абалга келген. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жеринде акт түзүлүп китепкана жабылууга дуушар болду. Сейрек кездешүүчү баалуу китептерди сактап калуу, китепканачылардын ишин үзгүлтүккө учуратпоо максатында, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан 15 000 сом ижара тѳлѳѳ маселеси чечилип, Чолпон-Ата шаарынын автобекетинин имаратына көчүрүлүп, борборлоштурулган китепкана окурмандарга кызмат кѳрсѳтүп келүүдө. Китепкананын китеп фондунда 30 миӊден ашуун китеп бар, 10 кызматкер эмгектенет.