Image default
Жаңылыктар

Казак жазуучусу Сауле Досжандын кыргыз тилине которулган “Айылдан чыккан миллионер” китебинин бет ачары өттү

Бүгүн, 14-декабрда Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде Казакстан Республикасынын эмгек сиңирген ишмери, Казакстандын жазуучулар союзунун, ошондой эле журналисттер союзунун мүчөсү Сауле Досжандын кыргыз тилине которулган “Айылдан чыккан миллионер” китебинин бет ачары болуп өттү.
Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Түмөнбай Колдошов, Кыргыз Республикасындагы Казакстан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Рапиль Жошыбаев, кыргыз элине белгилүү бир катар мамлекеттик, саясий ишмерлер, көрүнүктүү маданият жана адабият ишмерлери, китеп сүйүүчүлөр катышты.
“Казак жазуучусу Сауле Досжандын “Айылдан чыккан миллионер” китеби кыштактагы жөнөкөй баланын окуясы аркылуу илим-билимге умтулган, бизнес баштоого ниет кылган жаштарды шыктандырат жана аларга жол көрсөтөт дейт” аталган китепти кыргыз тилине которгон жазуучу, котормочу, педагогика илимдеринин доктору Кыялбек Акматов.
Ошондой эле,  иш-чаранын жүрүшүндө Казакстан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Рапиль Жошыбаев Кыргызстандын бир катар ишмерлерине Казакстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы ар тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин атынан Казакстан Республикасынын мамлекеттик сыйлытарын тапшырды.
Казакстан Республикасынын II даражадагы «Достук» ордени:
1. Акматалиев Абдылдажан Амантурович- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору
2. Аманова Роза Асановна – Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Кыргыз салттуу музыка фондунун төрагасы
3. Джумагулов Апас Джумагулович -Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын экс-премьер-министри
4. Иманалиев Муратбек Сансызбаевич -Кыргыз Республикасынын экс-тышкы иштер министри
5. Ишемкулов Тилектеш Ишемкулович  – профессор, Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы экс-толук жана ыйгарым укуктуу элчиси
6. Казакбаев Руслан Айтбаевич – Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси
7. Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы
8. Кожошев Арзыбек Орозбекович – Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура министри
9. Табышева Саламат Орозбековна – «Мухтар Ауэзов фондунун» Чолпон-Ата шаарындагы филиалынын жетекчиси
10. Шеримкулов Медетхан Шеримкулович – Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Председатели
Казакстан Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы:
1. Абдиралиев Нурлан Асилбекович – Кыргызстан элинин ассамблеясынын маданий борборунун мүчөсү, “Достук” ансамблинин солисти
2. Акматаева Турсун -Кыргызстандагы казак диаспорасынын өкүлү
3.Жаманкулов Азамат Капарович -Кыргыз Республикасынын мурдагы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри
4.Иманалиев Кайрат Олжобаевич – УТРКнын башкы директору
5.Истамбаев Алмазбек Маматжанович – А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын директору
6. Керезбеков Канат Керезбекович – Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи
7. Кудайбергенов Бактыбек Жапарович -Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы
8. Осмонов Кыргызбай Арапбаевич – Т.Сатылганова атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын директору
9. Салымбеков Аскар Мааткабылович – “Дордой” ассоциациясынын ардактуу президенти
10. Тентишев Эркин Саткынбаевич – Азия медициналык институтунун негиздөөчүсү. С.Тентишева
11. Чермашев Бахыт Мухтаралиевич – “Хабар” телеканалынын кабарчысы.