Image default
Жанылыктар

Казакстан Республикасынын И.Омаров атындагы Костанай облустук казак драма театрынын гастролу башталды

Казакстан Республикасынын И.Омаров атындагы Костанай облустук казак драма театрынын гастролу башталды.
7-октябрь күнү кечинде Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук драма театрында Казакстан Республикасынын И.Омаров атындагы Костанай облустук казак драма театрынын гастролу «Сұлтанның аты – сұлтан» комедиясы менен башталды.
Боордош казак элинин чыгармачылык гастролу Бишкек шаарында үч күнгө уланат.
07.10.2022 – «Сұлтанның аты – сұлтан» комедиясы (реж. Б.Абдураззаков);
08.10.2022 – «Алжир» реквием (реж.Б.Шамбетов);
09.10.2022 – «Кішкентай адамның үлкен трагедиясы» комедиясы (реж.Б.Шамбетов).
Гастролдун максаты кыргыз-казак элдеринин ортосундагы кылымдардан бери келе жаткан достук байланыштарды мындан ары чыңдоо, улуттук театрдын өкүлдөрүнүн тажрыйба алмашуусуна көмөк көрсөтүү болуп эсептелет.
Спектакль күн сайын кечки саат 18-30 башталат.