Image default
Жанылыктар

Кечээ,1-ноябрда Бишкек шаарында Жогорку окуу жайлардын жаштар саясатынын өнүктүрүүгө багыталган координациялык кеңеши түзүлдү

Кечээ,1-ноябрда Бишкек шаарында Жогорку окуу жайлардын жаштар саясатынын өнүктүрүүгө багыталган координациялык кеңеши түзүлдү.
Кеңешке Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, жогорку окуу жайлардын проректорлору катышты.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов жаштар ишин жакшыртууда жогорку окуу жайлардын ролу чоң экендигин баса белгилеп, жыйынга катышып жаткан ЖОЖдордун өкүлдөрүн натыйжалуу иш алып барууга чакырды.
Ал эми, министр Алтынбек Максутов жаштар саясаты боюнча министрлик буга чейин “Келечек” платформасынын алкагында иш алып барып келе жатканына токтолуп, иш мындан ары да күчөтүлгөн тартипте улана берээрин белгиледи. Иш-чарада Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков жаштар саясаты багытында жүргүзүлүп жаткан иштерди жана Мамлекеттик “Келечек” платформасынын алкагында жасалып жатка иш-чаралар жөнүндө презентация кылды.
Андан соң жыйын талкуу форматына өтүп, жогорку окуу жайларынын проректорлору окуу жайлардагы жаштар саясаты жаатында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
Ошондой эле иш- чаранын катышуучулары өлкөдөгү жаштар саясатын өнүктүрүү боюнча түзүлгөн координациялык кеңештин ишине кеңири токтолуп, биргелешип аткара турчу иш иш-чаралардын планын талкуулады. Анда, жаштар саясаты боюнча түзүлгөн координациялык кеңеш консультативдик жана кеңеш берүүчү орган болуп санала тургадыгы айтылып, кеңештин негизги максаты кыргыз мамлекетинде жаштар саясатын ишке ашырууга багытталып, жаштардын бар мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана дараметтерин көтөрүүгө аракет кылат.
Координациялык кеңешти ийгиликтүү өткөрүүгө жардам берип жана жаштар саясатын өнүктүрүүгө чоң жардам көрсөткөн үчүн БУУнун Калкты жайгаштыруу фондуна жана ЮНИСЕФке Министрлик ыраазычылык билдирет.
Белгилей кетсек, жогорку окуу жайлар арасында жаштар саясатына арналган биринчи жыйын кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулду.
Возможно, это изображение 19 человек, люди сидят, люди стоят и в помещении
Возможно, это изображение 4 человека, люди сидят, люди стоят и в помещении
Возможно, это изображение 9 человек и в помещении