Image default
Жанылыктар

“Келечек” платформасы Кыргызстандагы бардык жаштардын башын бириктирген чоң аянтчага айланууда

“Келечек” платформасы Кыргызстандагы бардык жаштардын башын бириктирген чоң аянтчага айланууда.
Кыргыз Республикасынын Маданият , маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жаштарды өнүктүрүүнүн натыйжалуу системасын түзүү, мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү, өлкөнүн туруктуу инновациялык өнүгүүсүн камсыздоочу жаштардын активдүү жарандык позициясын жана баалуулук багыттарын калыптандыруу, социалдык өнүгүүгө жана жаштардын өз алдынча өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү максатында жаштар үчүн “Келечек” платформасын түздү.
Мындай кадам менен, Министрликтин жаштар саясаты башкармалыгы “Коммерциялык эмес уюмдардын жолугушуусун”, эл аралык уюмдардын координациялык кеңеши алкагында “Кыргызстан жаштарынын республикалык конгрессин”, Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгын уюштруу, алгачкы жолу жаш мамлекеттик кызматкерлер, эл өкүлдөрү, өнөр адамдары, дарыгерлер, мугалимдер, ишкерлер, журналисттер арасында “Келечек”” кичи футбол боюнча турнирин, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун «Жашыл Мурас» долбоорунун алкагында бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуу боюнча республикалык жаштар акциясын, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Салымбеков Университети менен биргеликте өлко боюнча “Туура кесип – Келечек кепилдиги” аталышындагы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө арналган форумун, жаштардын ишкердик боюнча “Келечек” улуттук кубогун, Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Жаштар иштери боюнча кеңештин отурумун, «Келечек» платформасынын презентациясын, «Кыргыз Республикасындагы бакубаттуулук жана жаштарды өнүктүрүү индекси» улуттук изилдөөсүн, КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн “Келечек” жаштар форумун, Баткендеги окуяларга байланыштуу “Баткенге жардам” республикалык штабын жана «Чоңдорду окутуу Кыргыз Ассоциациясы» менен биргеликте билим жумалыгы сындуу ири иш- чараларга уюштуруп өткөрүүдө сап башында турду.
Мындай кадамдар аркылуу өлкөдөгү жаштардын башын бир аянтчага бириктирүү менен “Келечек” платформасы Кыргызстандагы бардык жаштардын башын бириктирген чоң аянтчага айланууда.
Муну менен катар, жаштар саясаты жаатында бир катар укуктук ченемдик актылар иштелип чыгып, учурда колдонууга алынды.
Алар:
– “Ч. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 17-сентябрындагы №391 буйругу;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “2020-2030-жылдарга жаштар саясатынын концепциясын ишке ашыруунун биринчи этабы катары 2021-2025-жылдарга Иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө” 2021-жылдын 9-декабрында №322-т тескеме кабыл алынды;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “2020-2021-жылдар үчүн Кыргыз Республикасынын Ч.Т.Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаттарын жана дипломанттарын тандоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ч.Т.Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгын ыйгаруу боюнча комиссиясынын жыйынынын 2021-жылдын 5-ноябрындагы № 1 протоколун бекитүү жөнүндө” 2021-жылдын 9-декабрында № 320-т тескеме кабыл алынды.
– 2022-жылдын 24-мартында №15-2/275 каты менен Кыргыз Республикасынын “Жаштар жөнүндө” Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясына киргизилди;
– 2022-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №41 токтому менен “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” сынак өткөрүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу 2020-жылдын 15-сентябрындагы №487 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому кабыл алынды.