Image default
Жанылыктар

Кинематография департаменти тарабынан “Улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү боюнча алгылыктуу иштер жүрүп жатат

Кинематография департаменти тарабынан “Улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү боюнча алгылыктуу иштер жүрүп жатат
Бүгүнкү күндө Кинематография департаменти тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын жүзөгө ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому бекитилди.
Ага ылайык, Кинематография департаментинин “Кыргызсериал” чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмеси” мемлекеттик мекемесинин жобосу иштелип чыгып, бекитилди.
Учурда мамлекеттик кинематография мекемелеринин материалдык-техникалык базасын модернизациялоо жана инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча сунуштар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жөнөтүлүп, улуттук кинофильмдерди, сериалдарды жана анимациялык фильмдерди өндүрүүнү мындан ары өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын сунуштары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна жөнөтүлдү.
-Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин буйругуна ылайык, “Улуттук кинофильмдерди, сериалдарды жана анимациялык фильмдерди өндүрүү тартиби” бекитилип, колдонуу үчүн тийиштүү структуралык бөлүмдөргө жөнөтүлдү.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө” Мыйзамына ылайык кинематография тармагына республикалык бюджеттин сарптоо бөлүгүнөн 0,1 пайызын 2023-жылдын бюджетине киргизүү боюнча Финансы министрлиги менен биргеликте иштер жүрүп жатат.
Улуттук тасмаларды өндүрүү боюнча иш аракеттер
Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” Улуттук киностудиянын тематикалык планына социалдык-маанилүү тематикадагы 2 толук метраждуу жана 3 кыска метраждуу көркөм тасма, 2 толук метраждуу даректүү тасма жана 7 кыска метраждуу даректүү тасма, ошондой эле ко-продукция жолу менен 2 анимациялык тасма, 2 толук метраждуу тасмалар киргизилип, өндүрүлүүдө.
Алар:
«Детектор» (реж.Т.Абылкасымов) толук метраждуу көркөм тасма 2022-жылдын 1-апрелинен баштап өндүрүшкө жиберилген. Бүгүнкү күнү өндүрүш монтаждоо-тонировкалоо иштерине киришти.
«Аян» (реж.Б.Алимбаев) толукметраждуу көркөм тасма 2022-жылдын 1-июнунан баштап өндүрүшкө жиберилген. Учурда тасманын өндүрүшүнүн тартуу мөөнөтү аткарылып жатат.
«Кыргыздын кыраан кыздары» (реж. А. Жураева) толук метраждуу даректүү тасмасынын өндүрүшү аяктады. Тасма 2021-жылдын тематикалык планынын негизинде 2022-жылга өтмөк өндүрүш катары ишке ашырылды.
«Самат Садыков» (реж. А.Токторов) толук метраждуу даректүү фильминин өндүрүшү аяктап, бет ачары 2022-жылдын 8-майында өткөрүлдү.
«Алтынга карай» (реж. А.Жураева) толук метраждуу даректүү тасмасы тартылып жатат.
Жаш кинорежиссерлорду колдоо максатында 3 дебюттук кыска метраждуу көркөм тасмалар өндүрүшкө киргизилди. Алар: «Байланыш» (реж. Ж. Жолдошов), «Дебют» (реж. Д.Мадалбеков) тасмалары монтаждоо мөөнөтүндө, «Киндик эне» (реж. Т. Юсупова) тасмасынын тартуу мөөнөтү жүрүп жатат.
«Г. Базаровдун 80 жылдыгы» (реж.Т.Ибрагимов), «Жалил Абдыкадыров» (реж.М.Мамбетов), «Манас Мусаев» (реж.Ж.Койчубеков), «Сүрөткер» (реж.А.Супатаев), «Жаңылануу» (реж.Т.Мураталиев) кыска метраждуу даректүү тасмаларынын өндүрүштөрү аяктады.
Ко-продукция багытындагы “Күн балдары” (реж. Ж.Нурбекова) 3D форматындагы 4 сериялуу анимациялык фильминин өндүрүшү аяктады.
Калкты кино менен тейлөө тармагында аткарылган иштер
Кара-Буура районундагы “Семетей” кинотеатрын Талас облусунун өнүгүү Фонду тарабынан кинотеатрды капиталдык оңдоого 6 млн. 927 000 сом берилип, оңдоо иштери аяктап, кинотеатр ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат.
Кара-Кол шаарындагы “Ысык-Көл” кинотеатры Ысык-Көл облусунун өнүгүү фонду тарабынан кинотеатрдын капиталдык ремонт иштери 10 млн сомго жүргүзүлүп жатат.
Нарын облусунун Жумгал районундагы “Соң-Көл” кинотеатрын Жумгал райондук жергиликтүү өнүктүрүү фондунан капиталдык ремонт иштерин жүргүзүү үчүн 10 млн.сом өлчөмүндөгү каражат бөлүнүп, оңдоо иштери жүрүүдө.
Республиканын аймактарында 2022-жылдын 9 ай ичинде мамлекеттик областык, райондук кинодирекциялар тарабынан 144 800 көрүүчүлөргө 8 249 сеанс көрсөтүлдү. Акысыз сеанстары менен 196 200 көрүүчү тейленди. Мамлекеттик кинотеатрлардын дүң чогултуусу 2 933 000 сомду түздү.
• Мамлекеттик ижарадагы, жеке менчик кинотеатрлар тарабынан 2022-жылдын 6 айында 620 148 миң көрүүчүгө 56 187 сеанс көрсөтүлүп 150 751 340 сом чогултулду.
Эл аралык байланыштарды өнүктүрүү тармагында аткарылган негизиги иш-чаралар
11 улуттук тасма 10 эл аралык кинофестивалдарга катышып, алардын ичинен 5 мыкты көркөмдүк деңгээлдеги тасма ар кандай даражадагы сыйлыктарга ээ болуп келишти.
2022-жылдын 19-23- сентябрында Өзбекстан Республикасында өткөн “Жибек Жолунун бермети” кинофестивалынын алкагында Кыргызстан кинематографисттеринин катышуусу менен Кыргыз кино күндөрү ийгиликтүү өткөрүлүп, Кинематография департаменти менен “Өзбек кино” агенттигинин ортосунда Кинематография тармагында кызматташуу боюнча мемарандумга кол койду.
Ч.Айтматов атындагы кино үйүндө жана Бишкек шаарында жайгашкан мамлекеттик кинотеатрларда Франкофония кино жумалыгы, Польша кино күндөрү, Түрк кино күндөрү, Казак кино күндөрү “Саякбай жана Битлз” тасмасынын бет ачаар аземи, жаш кинематографистер үчүн кино клубдар, Э.Абдыжапаровдун мастер-класстары өткөрүлдү.
Департаменттин финансылык колдоосу менен “Кыргызстан айым-режиссерлорунун IV-Кинофоруму” жана КМШ мамлекеттеринин жаш киночуларынын Х- “Үмүт” форуму өткөрүлдү.