Image default
Жаңылыктар

КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн чыгармачыл жаштары кызматташууну өнүктүрүүгө ниеттенүүдө

КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн чыгармачыл жаштары кызматташууну өнүктүрүүгө ниеттенүүдө. Бүгүн, 25-августта Чолпон-Ата шаарында КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн “Келечек” жаштар форуму ачылды. Бул иш-чара Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына туш келип, ал Кыргыз Республикасынын 2022-жылы ЕАЭБге төрагалыгынын алкагында өтүүдө.
Жаштар форумунун алкагында бир катар сессиялар өтүп, анда чыгармачыл жаштардын өкүлдөрү эки тарапка тең пайдалуу кызматташуу боюнча өз идеяларын жана сунуштарын айтышты.
Бардык мезгилде жаштар коомдун эң чыгармачыл бөлүгү катары мүнөздөлүп келген, бирок акыркы мезгилде КМШ жана ЕАЭБ мейкиндигин санариптештирүү шартында улуттук дүң продуктуну калыптандырууда жана өлкөнүн имиджин көтөрүүдө креативдүү индустриалардын мааниси чоң болуп чыгармачыл кесиптердин өкүлдөрү эмгек рыногунда уламдан-улам суроо-талапка ээ болууда.
Сессиянын жүрүшүндө катышуучулар арасында келечектүү билимдерди жана көндүмдөрдү алуу аркылуу инновацияларды жана санариптик трансформацияны өнүктүрүүгө көмөктөшүү маселелери талкууланды.
Эксперттер КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн санариптик трансформация процесстерине жаштарды тартуу, адамдык ресурстарды өнүктүрүү, инфраструктураны жана өлкөлөрдүн инновациялык потенциалын чыңдоого багытталган шайкеш жогорку натыйжалуу стандарттарды түзүү жагынан кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн жана ыкмаларына токтолушту.
Возможно, это изображение 2 человека, люди сидят и в помещении
Возможно, это изображение 2 человека, люди сидят, люди стоят и в помещении
Возможно, это изображение 4 человека, люди стоят и текст «"келечек 25-26 августа 2022 года олпон-ата»
Возможно, это изображение 1 человек, стоит и в помещении
Возможно, это изображение 7 человек, люди сидят, люди стоят и в помещении
Возможно, это изображение 6 человек, люди сидят, люди стоят и в помещенииВозможно, это изображение 3 человека и люди стоят
Возможно, это изображение 2 человека, люди стоят и текст «молодежный форум»
Возможно, это изображение 7 человек, люди стоят и в помещении
Возможно, это изображение 5 человек, люди сидят, люди стоят и в помещении