Image default
Жаңылыктар

Комуз күнүнө карата Маданият министрлигинин ыраазычылык каттары тапшырылды

Комуз күнүнө карата Маданият министрлигинин ыраазычылык каттары тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Президенттин Кыргыз Республикасында “9-сентябрь Комуз күнү” Жарлыгынын чыгышына демилгечи болгон, салттуу музыкалык искусствону сактоого жана өркүндөтүүгө кошкон салымы үчүн, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, искусство таануу илимдеринин доктору, профессор Роза Амановага жана кыргыздын салттуу музыкасын эл аралык деңгээлде таанытууга, жайылтууга, Түрк тилдүү элдердин музыкалык искусствосун, бий өнөрүн изилдөө тобунун (ICTM) төрагасы, Стамбул университетинин профессору Абдуллах Акат мырзага Министрликтин ыраазычылык каты тапшырылды. Ошондой эле, Министрлик тарабынан комуз өнөрүн аздектеп, көп жылдык талыкпаган эмгеги үчүн СССРдин эл артисти, Самара Токтакунова, Кыргыз Республикасынын эл артисттери Намазбек Уралиев, Зайнидин Иманалиев, Табылды Актанов жана Рахат Көчөрбаев сындуу өнөр ээлерине Министрликтин атайын сыйлыктары тапшырылды.