Image default
Жаңылыктар

Комуз күнү салтанаттуу белгиленди

Бүгүн, 9 – сентябрда Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында “Комуз күнү” салтанаттуу белгиленди.
Майрамдык маанай тартуулаган иш- чара Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун катышуусунда ачылды.
Комузда кол ойноткон залкар комузчулар менен бирге жаш комузчулардын башын бириктирген концерт Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана “Кыргыздын салттуу музыкасы” фонду тарабынан уюштурулуп, коомчулук жылуу кабыл алды.
Иш- чаранын жүрүшүндө бир катар өнөр ээлерине Министрликтин ыраазычылык каттары тапшырылып, алкоого арзыды.
Ошондой эле, алгачкы жолу 4-9-сентябрга чейин “Комуз күнүнө” карата түрк тилдү элдердин салттуу музыка искусствосун изилдөөчүлөрү катышкан
эл аралык симпозиум өтүп, ал беш күнгө уланган.
Эске салсак, иш- чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалдымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жетекчилигинин алдында “Кыргыздын салттуу музыкасы” фонду жана А. Алтымышбаев атындагы Философия, укук жана социалдык-саясий институту менен биргеликте өтүп, Эл аралык Евразия институту тарабынан колдоого алынды.
Возможно, это изображение 10 человек, люди стоят и в помещении
Возможно, это изображение 1 человек, стоит, играет на музыкальном инструменте, гитара и в помещении
Возможно, это изображение 1 человек, стоит и играет на музыкальном инструменте
Возможно, это изображение 3 человека, люди стоят и в помещении