Image default
Жанылыктар

Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдык мааракеси белгиленди

Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдык мааракеси белгиленди.

Бүгүн, 18-ноябрда А. Малдыбаев атындагы Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдык мааракеси белгиленди
Анда театр фойесинде акындын өмүрү жолу жана чыгармачылыгы тууралуу атайын көргөзмө ачылып, андан соң Байдылда Сарногоев тууралуу тартылган даректүү тасма көрсөтүлдү.
Иш- чаранын расмий бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов ачып, акындын юбилейлик мааракесин менен куттуктады. Ал өз сөзүндө эл акындын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу кенен токтолуп, анын кыргыз поэзиясына салган салымын белгилеп өттү.
Иш- чарага ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, “Түрксой” эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-спикери, академик Алтай Бөрүбаев, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурланбек Калыбеков, Байдылда Сарногоевдин уулу жана башкалар сөз сүйлөштү.
Келген көрүүчүлөр үчүн атайын даярдаган концерттик программа тартууланып, Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актерлору акын Байдылда Сарногоевдин ыр саптарын көркөм окушту.
Возможно, это изображение 3 человека, люди стоят и в помещении
Возможно, это изображение 3 человека, люди стоят и костюм
Возможно, это изображение 4 человека и люди сидят
Возможно, это изображение один или несколько человек, люди стоят и в помещении
Возможно, это изображение 2 человека, люди сидят и люди стоят
Возможно, это изображение 5 человек и люди стоят
Возможно, это изображение 4 человека