Жанылыктар

Кыргыз Республикасынын эл акыны Омор Султанов акыркы сапарга узатылды

Бүгүн, 5-апрелде Кыргыз Республикасынын эл акыны, жазуучу, сценарист, коомдук ишмер, Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Омор Султанов акыркы сапарга узатылды.

Коштошуу зыйнатына Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык- Көл облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук- маданий ишмерлер, туугандары жана кесиптештери катышты.

Анда Омор Султановдун өмүрү чыгармачылыгы, мекенчилдиги, ишмердүүлүгү тууралуу бир катар жылуу пикирлер айтылып, жасап кеткен эмгектери сыймыктануу менен эскерилди.Маркумдун сөөгү Ала- Арача көрүстөнүнө жерге берилди.

Эске салсак, Омор Султанов 2022-жылдын 3-апрелинде 86 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Омор Султанов 1935-жылдын 6-ноябрында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тосор айылында туулган.