Image default
Жанылыктар

Кыргыз Республикасынын эл артисти Келдибек Ниязовдун 70 жылдык мааракеси белгиленди

Кыргыз Республикасынын эл артисти Келдибек Ниязовдун 70 жылдык мааракеси белгиленди.
16-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын эл артисти Келдибек Ниязовдун 70 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш -чара болуп өттү.
Иш- чарга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов катышып, Кыргыз эл артистти Келдибек Ниязовдун дарегине арналган куттуктоо сөздөрүн айтышты.
Андан соң концерттик программага орун берилип, концерт Амантай Кутманалиев, Азамат Болгонбаев, Асылбек Маратов баштаган акындардын Келдибек Ниязовго арналган куттуктоо ырлары менен башталды.
Куудулдун мааракесин куттуктап келген Кыргыз Республикасынын эл артисттери Алтынбек Сапаралиев, Күмөндөр Абылов, Сыймык Бейшекеев, куудул Жамбыл Камчиев, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын ырчылары концертке келген көрүүчүлөргө өнөрлөрүн тартуулашты.
Салтанаттуу кеченин соңунда куудулдун 70 жылдык мааракесин куттуктап келген Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарына жана Нарын облустук админстрациясынын өкүлдөрүнө сөз берилди.
Белгилүү болгондой, Келдибек Ниязов 1952- жылы 8- сентябрда Нарын облусуна караштуу Нарын районунун Куланак айылында туулган.
1969-жылы Куланак айылындагы орто мектепти аяктап, 1972-жылы эки жылдык эстрадалык студиядан окуп, улуттук эстрада жанрынын негиз салуучусу Чоро Кожомжаров менен бирге иштешкен.
1989-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик маданият жана искусство университетинин маданий массалык иштер боюнча факультетин аяктаган.
Окууну аяктаган соң, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында эмгектенип, эл артисттери Эстебес Турсуналиев, Токтосун Тыныбеков, Ашыраалы Айталиев, Тууганбай Абдиев, Замирбек Үсөнбаевдер менен чыгармачылык жолдо бирге иштеген.
Белгилүү куудул Асанкул Шаршенов менен кыргыз сахнасында кыргыз элине күлкү-шаң тартуулап, дээрлик 30 жылдан ашык бирге жүргөн.
Келдибек Ниязов “Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы”, “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти”, “Кыргыз Республикасынын эл артисти” ардактуу наамдары менен сыйланган.
Возможно, это изображение 1 человек и стоит
Возможно, это изображение 2 человека, люди стоят и в помещении
Возможно, это изображение 4 человека, люди стоят и люди сидят
Возможно, это изображение 5 человек, люди стоят и в помещении
Возможно, это изображение 4 человека и люди сидят
Возможно, это изображение 1 человек и стоит
Возможно, это изображение 1 человек и стоит
Возможно, это изображение 10 человек, люди стоят и в помещении
Возможно, это изображение 4 человека, люди стоят и в помещении