Image default
Жанылыктар

Кыргыз Республикасынын эл артисти Муратбек Бегалиевге искусство жана көркөм адабият орденинин кавалери наамы ыйгарылды

Кыргыз Республикасынын эл артисти Муратбек Бегалиевге искусство жана көркөм адабият орденинин кавалери наамы ыйгарылды.
18-ноябрда Франциянын Маданият министри Рима Абдул-Малак Кыргыз Республикасынын эл артисти Муратбек Бегалиевге Искусство жана көркөм адабият орденинин кавалери наамын ыйгарды.
Мындай даражалуу наамды тапшыруу аземи Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу катышып, сыйлыкты Франциянын Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси Франсуа Делаус тапшырды.
Аталган сыйлык искусство жана адабият ордени 1957-жылы искусство, адабият тармагындагы жетишкендиктери үчүн жана искусство менен адабиятты Францияда жалпы дүйнөгө жайылтууга кошкон салымы үчүн өзгөчөлөнгөн инсандарга ыйгаруу максатында түзүлгөн.
Возможно, это изображение 1 человек, стоит и костюм
Возможно, это изображение 4 человека, люди стоят, люди сидят и в помещении
Возможно, это изображение 8 человек, люди стоят и в помещении
Возможно, это изображение 5 человек, люди играют на музыкальных инструментах и в помещении
Возможно, это изображение 2 человека, люди стоят и в помещении
Возможно, это изображение 1 человек и в помещении