Image default
Жанылыктар

Кыргыз Республикасынын эл артисти Сапар Исмаиловдун 80 жылдык мааракеси белгиленди 15-ноябрда Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү опера ырчысы, педагог Сапар Исмаиловдун 80 жылдык мааракеси Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында салтанаттуу түрдө белгиленди

Кыргыз Республикасынын эл артисти Сапар Исмаиловдун 80 жылдык мааракеси белгиленди
15-ноябрда Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү опера ырчысы, педагог Сапар Исмаиловдун 80 жылдык мааракеси Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында салтанаттуу түрдө белгиленди.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Самат Шатманов катышып, мааракенин ээси Сапар Исмаиловго министр Алтынбек Максутовдун атынан куттуктоо сөзүн окуду.
Андан соң, Сапар Исмаиловдун театрда бирге иштешкен, тактап айтканда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук опера жана балет театрынын башкы директору Алмаз Истамбаев баштаган кесиптештери, ошондой эле жердештеринин атынан Ысык-Көл облусунун Жети Өгүз районунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү куттуктап сөз сүйлөдү.
Белгилүү болгондой, Сапар Исмаилов 1942- жылы Жети-Өгүз районунун Оргочор айылында туулган.
1962-жылы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы айыл чарбатехникумун жана 1974-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство университетинде профессор Болот Миңжылкыевдин вокалдык классын бүтүргөн.
Эмгек жолун 1973-жылы Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында солист болуп иштөө менен баштаган.
Ошол күндөн баштап, азыркы учурга чейин аталган театрда үзүрлүү эмгектенип келет.
Сапар Исмаилов сахнада аткарган нeгизги ролдору: Канчоро, Түмөнбай («Айчүрөк», «Манас», В. Власов, В. Фере, А. Малдыбаев), Сапарбай, Тейитбек («Аста секин, колукту», Курманбек», Н. Даслесов), Сулайман, Зултанбек («Аршин мал алан», У. Гажибеков), («Токтогул», В. Власов, В. Фере, А. Малдыбаев), Риголетто, Амонасро, Ди Поза («Риголетта», «Аида», «Дон Карлос», Ж. Верди), Томский, Бес, Эбин-Хакиа («Карганын маткеси», «Черевички», «Иоламта», П. И. Чайковский), Дон-Катро («Кармен», Ж. Визе), Карнеро («Цыган барону», И. Штраус) жана башка.
Сапар Исмаиловдун чыгармачылык эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланып, 2022- жылы Кыргыз Республикасынын эл артисти наамы берилген.