Image default
Жанылыктар

Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүлөрү Маратбек Шарафидинов, Асан Турсункулов жана Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, “Учур” театрынын директору Шаршенбек Шейшеновго “Түрксой” эл аралык уюмунун медалдары тапшырылды

Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүлөрү Маратбек Шарафидинов, Асан Турсункулов жана Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, “Учур” театрынын директору Шаршенбек Шейшеновго “Түрксой” эл аралык уюмунун медалдары тапшырылды.
Бүгүн, 9- ноябрда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүлөрү Маратбек Шарафидинов, Асан Турсункулов жана Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, “Учур” театрынын директору Шаршенбек Шейшеновду кабыл алды.
Жолугушууда Алтынбек Максутов өнөр адамдарын маданият жана искусство тармагына кошуп жаткан салымдарын эл аралык “Түрксой” уюму тарабынан жогору баалынып жатканын айтып, кызуу куттуктады.
Тактап айтканда, “Түрксой” эл аралык уюму тарабынан Мухтар Ауэзов атындагы алтын медалы менен Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Маратбек Шарафидинов жана Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, “Учур” театрынын директору Шаршенбек Шейшенов сыйланса, ал эми, Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Асан Турсункулов аталган уюмдун “Чынгыз Айтматов” атындагы медалы менен сыйланды.
Сүйлөшүү эркин форматта уланып, жетишилген ийгиликтер тууралуу сөз кылышты.
Возможно, это изображение 2 человека, люди сидят и люди стоят
Возможно, это изображение 1 человек
Возможно, это изображение 3 человека, люди сидят, люди стоят и костюм