Image default
Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Рысбай Исаковдун Гиннестин рекорддор китебине катталгандыгын тастыктаган сертификаты Улуттук тарых музейге тапшырылды

Бүгүн, 2- декабрда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Рысбай Исаковдун дүйнөлүк Гиннестин рекорддор китебине катталгандыгы тууралуу күбөлүгүн Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде расмий тапшыруу аземи өтүп, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаты, коомдук ишмерлер ж.б. бир катар өнөр адамдарынын катышуусунда өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов манасчы Рысбай Исаковду жараткан ийгилиги менен дагы бир ирет куттуктап, манасчыга бекем ден-соолук, чыгармачылык ийгиликтерди каалады.
Ошондой эле, министр Улуттук “Манас” театры ачылгандан бери театрдын уюштуруусу менен маданият тармагына тиешелүү бир топ жакшы иштер аткарылып жатканын баса белгилеп, аталган театрдын директору Азиз Биймырза уулуна жана театрдын эмгек жамаатына ыраазычылык билдирди.
Эске салсак, буга чейин Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Рысбай Исаков Түркиянын Бурса шаарында өткөн “Манас” жумалына катышып, манас айтуучулук багыты боюнча дүйнөлүк Гиннестин рекорддор китебине 124 саат убакытка көркөм окуу боюнча катталган.
1- декабрь күнү манасчы Рысбай Исаковду Президент Садыр Жапаров кабыл алып, Гиннестин рекорддор китебине расмий кириши менен куттуктаган.