Image default
Жанылыктар

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовдун “Маалымат жана басма сөз күнүнө” карата куттуктоосу

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовдун “Маалымат жана басма сөз күнүнө” карата куттуктоосу:
«Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын Маалымат жана басма сөз күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө журналисттик адистиктин мааниси артып, маалыматсыз жашоо элестетилбей калган учур.
Мындай шартта демократиялык өнүгүү жолундагы Кыргызстан үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын ачык-айкындуулугунун баасы өтө жогору экенин өлкө турмушундагы орчундуу окуялар таасын далилдеп келет.
Себеби, журналисттердин коомго ачык-айкын, калыс маалымат жеткирүү менен коомдук аң-сезимдин калыптанышына таасири күчтүү.
Өлкөбүздүн тарыхый урунттуу учурларына, мамлекеттин социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык жактан өнүгүүсү үчүн жасап жаткан бардык иш-аракеттерине дагы курч калем ээлеринин кошкон салымы эбегейсиз.
Урматтуу басма сөз кызматкерлери!
Коомдун күзгүсү, жакшылыктар менен ийгиликтердин жана акыйкаттыктын жарчысы болууну уланта беришиңиздерге тилектешмин.
Дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм. Баарыңыздарга бекем ден соолук, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай, чыгармачылыгыңыздарда ийгиликтерди каалайм!
Сөз баккан кыргыз элинде, жалпы эле Кыргызстаныбызда ар дайым тынчтык болсун!
Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов.