Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Мукаш Абдраев атындагы республикалык атайын-орто музыкалык мектеп-интернатынан кабар алды.
Анда мектептин учурдагы абалы, педогогикалык курам жана көйгөйлөр менен жеринде таанышты.
Андан соң, эмгек жамаат менен маек куруп, алдыда биринчи кезекте жасала турган иш аракеттер тууралуу маалымат берди.
Ал мектепти ремонттон өткөрүү үчүн зарыл болгон аракеттерди көрүү, көп жылдык эмгеги сиңген мугалимдерге көңүл буруу жана музыкалык аспаптарды жаңылоо маселеси тургандыгын айтып, аны чечүү жолдорун талкуулашты.









