Image default
Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Нур-Султан шаарында КМШга мүчө-мамлекеттердин маданий кызматташтык кеңешинин XXXVII жыйынына катышуунун алкагында Тажик тараптын демилгеси боюнча Тажикстан Республикасынын Маданият министринин орун басары Шарифзода Манучехр Муртазо жана КМШга мүчө-мамлекеттердин базалык уюму болгон «С.Айни атындагы Тажикстан мамлекеттик академиялык опера жана балет театры» мамлекеттик мекемесинин директору Сайфиддинов Камолиддин Шарофиддинович менен музыкалык жана театралдык иштер жаатындагы кызматташтык боюнча жолугушту

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Нур-Султан шаарында КМШга мүчө-мамлекеттердин маданий кызматташтык кеңешинин XXXVII жыйынына катышуунун алкагында Тажик тараптын демилгеси боюнча Тажикстан Республикасынын Маданият министринин орун басары Шарифзода Манучехр Муртазо жана КМШга мүчө-мамлекеттердин базалык уюму болгон «С.Айни атындагы Тажикстан мамлекеттик академиялык опера жана балет театры» мамлекеттик мекемесинин директору Сайфиддинов Камолиддин Шарофиддинович менен музыкалык жана театралдык иштер жаатындагы кызматташтык боюнча жолугушту.
Жолугушууда тажик тарап опера жана балет театрынын артисттерин ортосунда тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин билдирип, С. Айни атындагы театрга Кыргызстандын театр жаатындагы көрүнүктүү өкүлдөрүн жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.
Мындан тышкары Тажикстандын Маданият министринин орун басары КМШ өлкөлөрүнүн он алтынчы жаштардын Дельфий оюндарын Душанбе шаарында өткөрүү пландалып жатканы тууралуу маалымат берип, кыргыз тараптан оюндарга активдүү катышууну өтүндү.