Image default
Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Нур-Султан шаарында өткөн КМШга мүчө-мамлекеттердин Маданий кызматташтык кеңешинин XXXVII жыйынына катышуунун алкагында Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министрлигинин Маданият комитетинин төрайымы Роза Карибжанова менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Нур-Султан шаарында өткөн КМШга мүчө-мамлекеттердин Маданий кызматташтык кеңешинин XXXVII жыйынына катышуунун алкагында Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министрлигинин Маданият комитетинин төрайымы Роза Карибжанова менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар ушул жылы октябрь айында Казакстанда өтө турган Кыргызстандын маданият күндөрүн, ошондой эле жалпы маданият тармагындагы кызматташууну талкуулашты.
Сүйлөшүүнүн соңунда казак тарап Кыргызстандын маданият ишмерлерин эл аралык “Алем саз” каада-салттарын көрсөтүү фестивалына катышууга чакырды.