Image default
Жанылыктар

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги коррупцияга каршы аракеттенүүдө

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги коррупцияга каршы аракеттенүүдө.
Бүгүн, 26-сентябрда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча сектору тарабынан уюштурулган корруцияга каршы аракеттенүү темасына арналган тегерек стол өттү.
Ага, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу антикоррупциялык ишкердик кеңештин башкы катчысы Нурийпа Муканова, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары басары Чыңгыз Эсенгул уулу, министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышып, 2022-2024-жылдарга коррупцияга каршы мамлекеттик стратегиялык пландын иш-аракеттерин талкууланды.
Анда күндүн темасы катары Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ишиндеги коррупциялык иштерди алдын алуу, жалпы ишке сервистик жана аутсорсинг киргизүү, лицензиялоо процессинде жеке жана юридикалык жактар менен өз ара аракеттенүүгө байланышкан башка жол-жоболор, юридикалык жактар менен өз ара аракеттенүүсүн автоматташтырууну камсыздандыруу, моралдык-этикалык нормалары күмөндүү жана ачык коррупцияга кызыкдар адамдарды ишке албоо жана кепилдик берүүчү персоналды башкаруу системасын, ошондой эле коррупциялык мотивацияны төмөндөтүү боюнча системаларды жана программаларды ишке ашыруусу каралды.
Мындай кадам менен, коррупцияны алдын алуу жана ага каршы стандарттарды жана ачыктыкты жана отчеттуулукту камсыз кылуу механизмдерин ишке ашыруу менен, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын жана калктын ишеним деңгээлин жогорулатуу стратегиялык пландын иш-аракеттери иштелип жатат.
Возможно, это изображение 10 человек, люди сидят и люди стоят
Возможно, это изображение 1 человек, сидит и стоит
Возможно, это изображение 1 человек, сидит и стоит
Возможно, это изображение 4 человека, люди сидят, люди стоят и в помещении
Возможно, это изображение 2 человека, люди сидят, люди стоят и в помещении
Возможно, это изображение 3 человека, люди сидят и люди стоят