Image default
Жанылыктар

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Сагыналы Субаналиев акыркы сапарга узатылды

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Сагыналы Субаналиев акыркы сапарга узатылды.
Бүгүн, 6-ноябрда Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү музыка изилдөөчү Сагыналы Субаналиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.
Ага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Түмөнбай Колдошов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев, коомдук жана мамлекеттик ишмер Топчубек Тургуналиев, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинин ректору Мамашарип Чотонов, Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев жана башкалар сөз сүйлөдү.
Акыркы сапарга узатуу зыйнатына келгендер белгилүү музыка изилдөөчү Сагыналы Субаналиевдин өмүр жолу, чыгармачылык ишмердүүлүгү жана адамдык парасаты эскерилип, кийинки муундарга калтырып кеткен илимий эмгектери, кыргыздын салттуу музыка искусствосунун өнүгүшүнө кошкон салымы жалпы коомчулук менен бирге эскерилди.
Эске салсак, белгилүү музыка изилдөөчү, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Сагыналы Субаналиев 2022-жылдын 4- ноябрь күнү дүйнө салган.
Ал 1948-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Афлатун айылында жарык дүйнөгө келген. Маркумдун сөөгү «Ала- Арча» көрүстөнүнө жерге берилди.
Возможно, это изображение 2 человека и люди стоят
Возможно, это изображение 4 человека, люди стоят и на открытом воздухе
Возможно, это изображение 5 человек, люди стоят и на открытом воздухе
Возможно, это изображение 11 человек, люди стоят, военная форма и на открытом воздухе
Возможно, это изображение 5 человек, люди стоят и на открытом воздухе
Возможно, это изображение 11 человек, дерево и на открытом воздухе
Возможно, это изображение 16 человек, люди стоят и на открытом воздухе
Возможно, это изображение 4 человека и люди стоят