Image default
Жанылыктар

Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти, төкмө акын, обончу, комузчу, кыл кыякчы Токтосун Тыныбековдун 95 жылдыгына карата, «Айтыш – 2022» Республикалык төкмө акындар айтышы жыйынтыкталды

Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти, төкмө акын, обончу, комузчу, кыл кыякчы Токтосун Тыныбековдун 95 жылдыгына карата, «Айтыш – 2022» Республикалык төкмө акындар айтышы жыйынтыкталды.
Айтышты сүрөп, кеңири коомчулук менен бирге Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Түмөнбай Колдошов катышты.
2 күнгө созулган айтыштын баш байгесин акын Кубат Тукешов багындырса, биринчи орунду Баян Акматов, экинчи орунду Асылбек Маратов, үчүнчү орунду Сапарбек Зулпуев ээледи.
Калган катышкан төкмө акындарга кызыктыруучу акчалай сыйлыктар берилип, ошондой эле бардык акындарга жана калыстар тобунун мүчөлөрүнө Токтосун Тыныбеков атындагы төш белги тапшырылды.
Аталган айтыш Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында өтүп, ал Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз улуттук “Манас” театры, Республикалык “Айтыш” коомдук фонду, Токтосун Тыныбеков атындагы коомдук фондунун уюштуруусунда өтүп, Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук нарк жөнүндө» Жарлыгынын алкагында ишке ашты.
Возможно, это изображение 2 человека, люди играют на музыкальных инструментах, люди стоят, гитара, в помещении и текст «95 дырена карата 2022 бликалык текм ap айтышы»
Возможно, это изображение 7 человек и люди сидят
Возможно, это изображение 6 человек, люди сидят и в помещенииВозможно, это изображение 3 человека и люди стоят
Возможно, это изображение 3 человека, люди стоят, люди сидят и в помещении
Возможно, это изображение 4 человека, люди стоят и люди сидят
Возможно, это изображение 4 человека, люди стоят, люди сидят и в помещении