Uncategorized

Кыргыз Улуттук академиялык драма театрынын фойесинде жаш айкелчи Тамила Маматованын Таттыбүбү Турсунбаевага арнап жасаган бюсту орнотулат

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрынын фойесинде жаш айкелчи Тамила Маматованын Таттыбүбү Турсунбаевага арнап жасаган бюсту орнотулат.

Учурда Маданият министрлиги менен айкелчи Тамила Маматованын ортосунда укуктук документтер даярдалып жатат. Көрүүчүлөр бюстту Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театры ондоп түзөө иштери аяктаган соң күбө боло алат.Эске салсак, буга чейин министр Азамат Жаманкулов Тамиланын өнөрканасында болуп, аталган бюсттун жаңы башталып жатканына күбө болгон.

Ал эми бюсттун театрга орнотуу демилгесин Кыргызстан театр ишмерлер союзунун төрагасы Жаныш Кулманбетовдун көтөрүп, министр аны колдоого алды.

Муну менен бирге Азамат Жаманкулов шаар ичинде жана коомдук жайларда типтүү окшош эстеликтерди гана жасоо менен эле эмес, келечекте айкелчилер креативдүү айкелдерди жасоону колго алып, эл кызыгып, коомчулукту өзүнө тарткан маданий көңүл ачуучу аянтчалар көп болсо деген пикирин билдирип, келечекте шаардын башка бөлүктөрүнө да орнотуу колго алынат деп ишенет.