Uncategorized

Кыргыз жараны концепциясын ишке ашырууга багытталган координациялык жыйын өттү

Бүгүн, 12-апрелде Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде Кыргыз жараны концепциясын ишке ашыруу максатында өнөктөштөр менен координациялык жолугушуу өттү.

Аталган координациялык жолугушуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат , спорт жана жаштар саясаты министрлигинин координациясы менен өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын эксперти Данияр Суюнов, Кыргыз Республикасындагы БУУ тутумунун жетекчиси Озонио Ожиело, дипломатиялык өкүлчүлүктөр, ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин жетекчисинин орун басары Расмия Казимова, донордук уюмдардын өкүлдөрү, тиешелүү мамлекеттик органдардын кызматкерлери, Кыргызстан калкы ассамблеясынын өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер катышышты.

Координациялык жыйында министр Азамат Жаманкулов Кыргыз жараны концепциясынын алкагындагы бул жолугушуу кызматташуунун мүмкүн болгон багыттарын иштеп чыгуу, аны жүзөгө ашыруунун негизги артыкчылыктарын жана өнөктөштүк механизмдерин аныктоо үчүн аянтчаны түзүү болуп саналаарын белгилеп, бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирди.

Министр өз сөзүндө, “Кыргыз жараны концепциясы Кыргызстандын элинин биримдигин жана бүтүндүгүн камсыз кылуучу өлкөнүн маанилүү стратегиялык документи болуп саналат. Бул Концепция Кыргыз Республикасынын бардык жарандарын бириктирүүчү ири аянтча. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги министрликтер менен ведомстволор ортосунда Концепциянын аткарылышын координациялоочу жана контролдоочу негизги орган экенин белгилөө менен, бардык өнөктөштөрүбүздү Концепцияда сунушталган багыттарды талкуулоого активдүү катышууга жана мамлекеттик органдар менен биргеликте ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү бар багыттарды так аныктоого чакырам”,- деп сөзүн жыйынтыктады.

“Кыргыз жараны концепциясы Кыргызстандын бирдиктүү элинин коомдук биримдигинин концепциясы болуп саналат жана ал Кыргыз Республикасын 2018-2040-жылдарга өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында жана аны ишке ашыруу жагынан да чагылдырылган. Концепция 2026-жылга чейин күчүндө болот жана бул бул багыттагы Стратегияны ишке ашыруунун биринчи этабы гана.Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар Кыргыз жараны концепциянын негизги артыкчылыктары жөнүндө өз пикирлерин билдирип, иш-чаралар планын натыйжалуу ишке ашыруу тууралуу сунуш-пикирлерин айтышты.

Эске салсак, иш чара ПисНексус фондунун регионалдык кеңсесинин колдоосу менен өттү. Кыргыз жараны 5 артыкчылыктуу багытты камтыйт.Алар, Кыргыз жараны деп өзүн таанууну аң-сезимдүү түшүнүүнү калыптандыруу, Кыргызстан элинин биримдигин чыңдоо, толеранттуулукту жогорулатуу жана көп түрдүүлүк дөөлөттөрүн урматтоону сактоо, мамлекеттик тилди өнүктүрүү, көп тилдүүлүктү сактоо жана өнүктүрүү, башкаруу жана чечим кабыл алуу процесстерине катышууга бирдей шарттарды түзүү жана саясий институттарга жана мамлекеттик бийлик органдарына карата ишенимди жогорулатуу болуп саналат.