Image default
Жаңылыктар

Кыргыз жараны концепциясынын алкагында экинчи республикалык жаштар симпозиуму өтүүдө

Бүгүн, 23-декабрда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жана “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду тарабынан уюштурулган Кыргыз жараны концепциясынын алкагында экинчи республикалык жаштар симпозиуму өтүп жатат.
Симпозиумдун ачылышына Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу катышып, сөз сүйлөдү.
Ал өз сөзүндө өтүп жаткан Жаштар симпозиумунун маани жана маңызы тууралуу айтып, Кыргыз жараны концепциясынын артыкчылыктуу багаттырына токтолду. Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү үчүн өз ара ишеним атмосферасын түзүүгө, маданий айырмачылыктардын көп түрдүүлүгүнө позитивдүү мамиле кылууга, көп этностуу жана конфессиялык шарттарда жалпы баалуулуктар аркылуу өнүгүүгө салым кошууга, Кыргыз жараны концепциясын ишке ашыра турган активдүү жаштарды тартууга түзүлгөн аянтчанын максатын белгилеп, жаштарга Кыргыз жараны идеясын жайылтуу багытында бирге иштөөгө чакырды. Ошондой эле, ал симпозимдун жүрүшүндө жаштар өз активдүүлүгүн көрсөтүүсүнө жана Кыргыз жараны боюнча өзгөчө ойлор жана актуалдуу сунуштар болот деп ишенээрин билдирди.
Симпозиумдун ачылышына ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президентинин Изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Аскар Бешимов, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын проректору Урмат Аманалиев, Акматалиев, “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Закирулло Махамат уулу катышып, Маданият министрлигинин координациясында иштеп жаткан Кыргыз жараны концепциясы бүтүндөй кыргыз элинин башын бириктирип ынтымакка чакырган өзөктүү багыт экенин билдиришип, симпозуимдун катышуучуларына ийгиликтерди каалашты.
Иш-чарада Кыргыз жараны концепциясынын артыкчылыктуу багыттары, жарандык идентүүлүктү калаптандырууда социалдык институттуардын ролу жана “Ыйман” фондунун иш багыттары талкууланмакчы.