Image default
Жанылыктар

Кыргыз жараны концепциясынын алкагында коммуникативдик стратегиясы иштелип чыгып, массалык түшүндүрүү иштери жүрүп жатат

Кыргыз жараны концепциясынын алкагында коммуникативдик стратегиясы иштелип чыгып, массалык түшүндүрүү иштери жүрүп жатат
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан Кыргыз жараны концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын алкагында өнөктөштөрдүн колдоосунда тиешелүү мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жалпыга маалымдоо каражаттары жана жарандык коомчулук менен биргеликте жарандарга маалыматтык түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
2022-жылдын башынан тартып, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, журналисттер арасында 40 ашык тренинггдер өткөрүлүп, ага 1000ден ашык кызматкер катышты. Коммуникациялык стратегия жана медиа план иштелип чыгып, анын бекилиши менен Кыргыз жараны түшүнүгүн жайылтуунун алкагында 40тан ашык атайын телеберүүлөр уюштурулду. Ошондой эле, Кыргыз жараны аталыштагы кыргыз-орус тилдериндеги социалдык видео роликтер даярдалып, күн сайын телеберүүлөр жана социалдык тармактар аркылуу элге жеткирилүүдө.
Мындан сырткары, Кыргыз жараны концепциясынын алкагында Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкек шаарында 1000ден ашык адамдын катышуусундагы “Ден соолук менден башталат” аталыштагы веложүрүш уюштурулду.
Аймактардагы коомдук кабылдамалардын жооптуу катчылар тарабынан элдин биримдигин бекемдөө жана этностор аралык чыр-чатактардын алдын алуу максатында 2021-жылдын ичинде 839, ал эми 2022-жылдын башынан жалпы 661 профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Маданият министрлигинин координациясы менен мамлекеттик органдар тарабынан Кыргыз жаранынын жарандык өзүн таануусун өнүктүрүү идеясын жайылтууга багытталган иш-чаралар, тренингдер, форумдар жана конференциялар үзгүлтүксүз өткөрүлүүдө. Бул иш-чаралардын бардыгы өлкөдөгү этностордун жакындашуусуна, жаштарды мекенчилдикке тарбиялоого, туруктуулукту жана тынчтыкты сактоодо этностордун ролу тууралуу пикир алмашуу жана талкуу аянтчаларын түзүүгө өбөлгө болот.
Иш-чаралардын түрлөрү 2022-жылдын 9 айдын ичинде
Профилактикалык иш-чаралар 661
Жүргүзүлгөн мониторингдин негизинде мамлекеттик органдарга берилген сунуштар 26
Коомдук кабылдамага жарандардан келип түшкөн кайрылуулар 130
Окутуу – семинарлар 40
Жумушчу топтун отурумдары 25
Маданий иш-чаралар 13
Кыргыз жараны концепциясынын алкагында түз эфирдеги маектер 40 тан ашык